www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга макул болду.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында аталган мыйзам долбоору дароо биринчи, экинчи жана үчүнкү окуудан тобу менен каралды.

Жыйында көп талкуу болгон жок, Дастан Бекешов менен Аида Касымалиева гана суроо узатты. Ошол маалда айрым депутаттар суроо-талкуусу жок эле добуш берүүгө өтүүнү сунуштады.

Натыйжада 83 депутат колдоп, бир дагы каршы добуш берилген жок.

Аталган мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси Акылбек Жапаров бул өлкө экономикасын жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен сунушталып жатканын билдирди. 

"Биз Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону кайра өткөрүү мөнөөтүн токтото турууну сунуштап жатабыз. Азыр БШКнын иши токтоп калды, парламент менен президент иштей турган Ак үй талкаланган. Аны оңдоого 450 миллион сом кетет. Мен премьер-министрдин экономикалык жана финансы маселери боюнча кеңешчиси катары айтып коёюн, азыркы өкмөт социалдык төлөмдөрдү бере алат. Бирок кеминде ар бирине 450 миллион сом талап кылынган шайлоорду өткөрүүгө каражат жетишсиз", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал партиялык система менен өткөн быйылкы парламенттик шайлоо натыйжасыз болуп, БШК жыйынтыгын жокко чыгарганын кошумчалады. Ал эми парламенттик шайлоону Конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өткөрсө болорун, бирок ал 2021-жылдын 1-июнуна чейин болушу керектигин белгиледи.

Соңунда Жапаров демилгеленген мыйзам долбоору саясий-экономикалык кырдаалды турукташтырарын айтып, документ конституцияга каршы келбейт жана тийиштүү экспертизадан өткөнүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

 


 

Последние новости