www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сот бийлиги акыйкаттын таразасын кармап турат. Эгерде соттордон акыйкаттын таразасын ташы жок тартып жатса анда карапайым калк кимден үмүт этет. Кыргызстан эгемендик алгандан бери реформа жасалып жатат деп ооз учунан айтылып келе жаткан бул тармакта реформанын өзү эмес азыркы күнгө чейин караны да көрүнө элек. Буга көпкө алыс барбай акыркы алты жылды эле алып карайлы. Азаттыгы бар өлкөдө акыйкат издегендердин саны көбөйсө көбөйдү бирок азайган жок. Мына ушул калыстыгы жок “казылар” бүгүн да акыйкатты эмес, капчыктарын кампайтыш үчүн судьялыкка ат салышуу алдында турат. Мисалы, судьялыкка талапкер Орозова Дамираны карап көрөлү. 2018-жылы эле бул айымдын үстүнөн тартип комиссиясына 5 арыз түшкөн.
Орозова акыйкат издеп келген жарандардын үстүнөн сот отуруму убагында шылдыңдап,ар кандай сөздөр менен кемсинтүүгө жол берген. Ал гана эмес Орозова кесиптештер арасында интрига чыгарып бир судьяны экинчи судьяга жамандап чагымчылдык жасап уруш чыгарып келгени эч кимге жашыруун эмес. Эгерде бул айым кайрадан судьялыкка шайланып калса, капчыктуу кылмышкерлердин кадырын коргобойт, карапайым жарандарды кемсинтип, шылдыңдаганын токтотот деп ким кепилдик берет?
2. Ал эми ДЖунушбаев Кыдык Карыбаевич бул судья өзүн соттордун кудайы элестетип алган Манас Арабаевдин кадры. Маасалык маалымат каражаттары жазып жаткандай Арабаевге жол тандабас белек кылып, сот болом деп чемодан көтөрүп келген судьяларды кызматка дайындатып, акчасын алып турган. Тар чөйрөдө ДЖунушбаевди Арабаевдин кошолегу деп атап келишет. Колдогон кожосу күч болгону үчүн 2016-жылы араң 5 иш караса анын үчөө артка кайтарылган. Ал эми 2017-жылы он эки айдын ичинде араң 3 иш караган. Интрига жасап, аймакка бөлүү жагынан ДЖунушбаев алдына адам салбайт. Сөздүн ток этер жерин айтсак, карапайым калктын жон териси менен иштеп ДЖунушбаевге окшогондор жыргасын деп салык төгүп жаткан жок да.
3. Ал эми айтылуу Ирина Воронцованы азыр тааныбаган адам жок болсо керек. Бул судья Атамбаевдин буйругу менен “Баш мыйзамдын атасы” Текебаевди түрмөгө кесип, Салянова баш болгон бир катар саясатчыларды мыйзамдын күчү менен эмес, Атамбаев менен Арабаевдин буйругу үстүндө абакка “айдап” ийген.
4. Алымкулов Айдарбектин өмүр баянына көз чаптырган адамга, Кыргызстанда кылмышка шектүүлөр судья болобу деген ой келет. Мисалы Алымкулов 313-берене пара алуу фактсы менен кармалган. Бирок, Манас Арабаевдин группалашы болгону үчүн түрмөгө түшпөй Жогорку Соттон орун алган.
5. Бакирова Нүргүл –бул айым Жогорку Сотко сот болуп келе турган болсо анда Жээнбеков Жогорку Сотту жоюп эле салганы оң. Анткени Бакирова үчүн акчадан өткөн мыйзам жок. Муну ал Ошто судья болуп иштеп жүргөндө бир нече ирет далилдеген. Бакирова ар бир иш карган сайые брилиант тагынат деген сөз бекер жеринен чыкпаса керек. Жогорудагы далилдер бул чети гана. Эгерде ушул адамдар кайрадан судьялыкка шайланып калышса, анда калыстык кайда калат? Мамлекет башчыбыз сот тармагына реформа жасайм деген сөзү желге учкан болобу. Сот тармагы таза болуш үчүн мыйзамды сыйлаган “колу туткак” эмес, кара кылды как жарган калыс адамдар керек. Акыйкаттын таразасын ташы жок тартып келгендерди судьялыкка шайлаган эл өкүлдөрү эртең ушул адамдардын колунан мыйзамсыз камалып кетпейбизби деп ойлонуп коюшса.
Максат Албановдун Фейсбук баракчасынан алынды.
Булак: NazarNews.kg