www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан милиция кызматкери жабыркап, бир адам каза болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында жол кырсыгы Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 58-чакырымында, Чок-Тал айылынын күн чыгыш тарабында болгон. Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну, милициянын кызматкери "Субару форестер" автоунаасын башкарып баратып рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, электр көмөк чордонун сүзүп алган.
Жол кырсыгынын натыйжасында айдоочу жана анын жүргүнчүсү 26 жаштагы милициянын дагы бир кызматкери ар кандай жараат алып Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жаткырылган.
Ал эми ошол эле автоунаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчү, Түп районунун Балбай айылынын 25 жаштагы тургуну окуя болгон жерден каза болгон. Аталган факты Ысык-Көл райондук милициясында катталып, соттук-медициналык, соттук автотехникалык жана соттук баллистикалык экспертизалары дайындалды. Жабыркаган милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору болгон - деп билдирди Азаттык.
Булак: NazarNews.kg