www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы жылы орто мектепти аяктаган окуучулар жогорку окуу жайларга тапшырып, келечекте сүйгөн кесиптерине жетүүгө максат коюп жатышат. Арийне, келечекте эңсеген адисттикке ээ болушуп, өлкөгө өз салымдарын кошкон мекенчил улан-кыздардан болушуна тилектешпиз.
Мына ушул жаңы окуу жылында Жогорку окуу жайларына кабыл алуу процесси башталып жаткан кезде Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевден оорчундуу бир жагдайга көңүл буруусун талап кылсак жарашат.
Айтайын дегенибиз, бир катар гуманитардык эмес багыттардагы университеттерден кыргыз тарыхына жана Манас таанууга байланыштуу алынып салынган дарстар кайра калыбына келтирилиши керек. Бул бүгүнкү күндүн оорчундуу талабы.
Андыктан министр Каныбек Иманалиев техникалык делген бир катар ЖОЖдордогу Кыргызстандын тарыхы, улуттун өзөгү болгон Манас таануу сабагынын окутуудан алынышы боюнча, маселенин чоо-жайын, себептерин ачык-айкын түшүндүрүүгө тийиш. Эгер аталган эки предметти техникалык окуу жайларда окутуу анчейин маанисиз деп табылса аны айтсын. Болбосо, кыргыздын улуттук өзөк-тамырына байланыштуу сабактардын канат-бутагын кыркып, жулмалагандардын тизгинин тартсын.
Деги эле Билим берүү министрлигинин эмнеге ушундай каталыкка, алешемдикке жол бергени түшүнүксүз. Кыргыздын тарыхы менен Манасын окутуу өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып жатыптырбы? Ушул экөөнү окутуудан алып салса, билим берүү тармагы оожалып өнүгүп кетет бекен? Негизи бул кадам туурабы? Министр Каныбек Иманалиев билмексен болуп, башын кумга катпай, конкреттүү жообун айтчу жерде.
Өзүн сыйлаган мамлекетте өз улутунун тарыхын, рухий баалуулуктарын өз өлкөсүндө окутуудан алдырып салган башка эч бир жерде орун албаса керек. Бул маңкуртчулук эмеспи?..
Мекенчил уул-кыздарды тарбиялап, мамлекетке жарыгы тийген адистерди өстүрөлү десек, гуманитардык болобу, же техникалык окуу жайлары болобу, ириде кыргыз тарыхын, тилин, Манасын баары текши окууга милдеттүү болушу керек. Ансыз, мекенчил кыргыз жаранын калыптандыруу мүмкүн эмес.
Демек, мамлекеттикпи, же эл аралык макамга ээ жеке менчик университеттерде окуп жаткандар болобу, кайсы мамлекетте жашап, окуп жатышкандыгын аңдап-сезиш үчүн кыргыз тили, тарыхы, маданияты тууралуу маалыматты өздөштүрүп окуусу кажет. Себеп дегенде, өз өлкөсүнүн мамлекеттик тилин, тарыхын, маданий, рухий баалуулуктарын билбегендик түркөйлүк. Ошол эле кезде Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөнүн келечеги үчүн кооптуу.
Ошол себептен, Кыргызстандын аймагында жогорку билим алууну каалагандар жана Кыргызстандын жарандыгын алууну эңсегендер үчүн, жалпы эле жогорку окуу жайларында окуган жарандар үчүн кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы жана Манас таануу сабактарынан экзамен тапшырууну милдеттүү түрдө киргизүү керек.
Мына айталы, ошол эле Европадагы демократияны туу туткан өлкөлөр деле өз тарыхын, тилин, маданиятын бийик коюшат. Башканы айтпайлы, элинин саны бизден аз Эстонияда бул өлкөнүн жарандыгын алууну эңсегендер анын мамлекеттик тилин, тарыхын, маданиятын, мыйзамын канчалык деңгээлде билээрин далилдеп экзамен тапшырат.
Бизде болсо тескерисинче болуп жатат. Өкүнүчтүүсү, айрым ЖОЖдор Кыргызстандын тарыхы жана Манас таануу сабактарын кыскартып, жана аталган дарстардан берилчү сынактарды өздөрү билип бир тараптуу алып салганына Билим берүү министрлиги баш болуп, аттуу-баштуу кыргызымдын интеллигенциясы үн катпай билмексен болгону күйдүрөт. Мынчалык кайдыгерлик кайдан чыкты?
Арийне, жоопкерчиликсиздик мамиледен уламбы, же атайын кыянаттык кылыппы ушундай кадамга барышкан ректорлордун кызматтык ордуна ылайыктуулугу боюнча маселе каралууга тийиш. Анткени, булар келечек муундун мекенчил атуулдук сезимин өксүтүп, канат-куйругун кыркып, аксатып жатышат.
Дегенибиз, өз адистигине байланышкан технологияны мыкты өздөштүргөн менен өз элинин тарыхын, наркын, баалуулуктарын, тилин билбеген адистен, өлкө келечегине күйгөн мекенчил инсан чыгаары күмөн. Натыйжада, өз улутунун өзөк-тамырынан алыс, өз керт башынын жыргалчылыгын көздөгөн нигилист адистердин армиясын пайда кылабыз. Бул жагдай мамлекетке жарыгын тийгизбейт. Муну бөркүбүздөй эле көрсөк жарашат.
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg