www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

59

Күнүмдүк кызыкчылык деген жаман, бир тууган кудасы Курманов Исхак Канат-ханды кармап берүүгө көмөктөшөт. Бул Бейшенбек бабасы Дыйкан сыяктуу эл башылар үчүн, жалпы эле карапайым эл үчүн оор болгон. Канат-хандын сөөгү Алматыга коюлган, жердеши Ишенаалы Арабаев атайын барып дуба окуган экен, уулу Карынбай 1923-жылы барып мүрзөсүнө белги коюп келген.

Чоң ашы берилгенге чейин кыздары Туруш менен Зыйнат эки маал кошуп турган, кошоктун үзүндүлөрү:

Туруш:

Алты атар мылтык машасы,

Алты ата тууган бар болсо,

Окутар Курман жазасын.

Зыйнат:

Жети атаар мылтык машаасы,

Жеткилең тууган бар болсо,

Жеткирер Курман жазасын.

 

Туруш:

Мөмөлөп өскөн бир жыгач,

Мөмөлөрү күбүлдү.

Кудасы Курман кууланса,

Кан атам,

Кудай деп акка бүгүлдү.

 

Зыйнат:

Кара –Суу акса сай менен,

Каптады шамал кар менен.

Кармалып берди өзү эле,

Кан атам,

Кан болду деген шаң менен.

Туруш:

Талаа –Булак, Коңорчок,

Атакем, таалайга чыккан кызыл чок.

Кыямат кеттиң муңканып,

Кантейин,

Кыйкырган менен бизге жок.

Зыйнат:

Ийри –Суу, Көк –Жар, Чаар –Арча,

Атакем, жардамың тийген далайга.

Акыры өттүң дүйнөдөн,

Атакем, артыңдан калган калк канча? –дешип эки кызы алым –сабак кылып кошушкан.

Канат хан көтөрүлүш маалында казатка аттанып, падыша өкмөтүнө жаман көрүнбөй эле кээ бир болуштарча кедейлердин балдарын тизип берип, же кытайга кара башын алып качса деле болмок. Же болсо “эл кыстоодо калды” деген сөзгө муюбай Исхак Курмановдун өзүн атып, качып жүрө берсе өлбөй калмактыр. Ал өзүн элден артык көрбөй элдин кыйналып жатканы үчүн башын тосуп берген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости