www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас Осмон: Казакстан Ала-Тоого далысын салды

Казакстан сыяктуу үлкөн мамлекеттер дүйнөнү өз билгениндей калчаган кожоюндардын дүрбүсүнө илинип калды. Жакынкы жылдарда балким дүйнө картасы кайрадан өзгөрүшү мүмкүн. Саясий кырдаал ушуну көрсөтүп жатат. Мындай пикирин журналист Манас Осмон билдирди.

"Маселен, жеринин көптүгү боюнча дүйнөдө 9-орунда турган Казакстанга ушунча үлкөн географияны ыраа көрүшөбү? Кыйын кырдаал күн сайын жакындап келатат, бирок, Казакстан кол куушуруп, күтүп гана отургандай.

Былтыр январдын алтысында Орусиянын Борбор Азиядагы короосунда өрт чыгып кетти. Казак бийлиги бул отту өчүрө албай ЖККУ деген колунан "пок" келбеген уюмдан жардам сурады. Алоолонгон жалын күч  менен болсо да өчтү. Өмүрлөр кыйылып, кагылышуулар токтоду. Бирок, өлкөдөгү ажырым, кек, таарыныч дале быкшып атат. Деген менен казак бийлиги "каңтар окуясынын" түтүнүн быкшыткан өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстанды да кошту. Алма-Ата шаарын тоноо үчүн атайын Кыргызстандан жалданган топ келген деп өлкөнүн башкы көзөмөл органы билдирүүдө. Бул кемсинтүү бизди күчсүз же, кедей өлкө катары көрсөтпөйт. Ал кошунанын жеке абийрине көз каранды маселе.

Далил же, окуяга катышкан кандайдыр бир кыргыз жарандарынын изи жок. 

Кыргыз бийлиги болсо, мындай дооматтарга ынанымдуу жооп бере элек. 

Кошунанын Кыргызстанга доомат артканы жөн жерден эмес. Дүйнөлүк саясатта максатына жетпей калган төңкөрүштөн кийин курмандык чалуу шарты бар. Жасалма түрдө болсо да, коомчулукту ынандыруу үчүн бир күнөөкөр керек. Астана ошол күнөөкөрдү бизден издеп, курмандык чалуу үчүн сары улак катары бизди көрсөтүп жатат. Кытайды, АКШны, Орусияны, Түркияны же, Европаны кыйгап өткөнү, аларды күнөөлөгөнгө чаркы да, чамасы да жетпегени. 19-20-кылым араб дүйнөсүн талкалоого, кулдукка айландырууга, байлыгын тоноп жегенге арналган болсо, 21-кылым Борбор Азия үчүн "тозоктун кылымы" болушу ыктымал. АКШ баштаган үлкөн державалардын мээлейинде турабыз. Анын ичинде Кытай, Европа, эзелки төрө Орусия, Индия, Иран же, боордош делген Түркия бар. тажик-кыргыз, өзбек-каракалпак жана Казакстандагы "каңтар окуясы" конгуроо кагып, коркунуч күн өткөн сайын жакындап келе жатат десе деле Борбор Азия өлкөлөрү тымызын атаң - талашуунун үстүндө. Бийликтердин өзүмчүлдүгү  регионду өрткө чуулгап баратат. Согуштар өлүмдөрдү гана алып келбейт, чачырайт, кошуналарга жугат. Аны билсе деле казак бийлиги Баткен жаңжалы күч алып жатса, Тажикстанга ок сатат, пандемияда болсо, чек арасын жабат. 
Казак туугандардын башына иш түшсө, эң алгач кыргыз тууганы чуркайт. Бирок, боордоштор аны билмексенге салып, Ала-Тоону таарынтып туру", - деди Манас Осмон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости