www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Талас облусунун Манас районунун прокуратурасы тарабынан аталган облустун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында 2020-2021-жылдарга карата коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышы, бухгалтердик эсеп, мамлекеттик сатып алуулар боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Аталган башкармалыктын калкты социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын январь айынан 2022-жылдын август айына чейин эмгек акы алуу боюнча билдирүүлөрүндө жана башка документтерде жасалма адамдарды көрсөтүү менен расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизгени аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген», - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Манас районунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости