www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарында 375 орундуу мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында 6 мектеп курулууда. Алардын бири Чолок-Терек айылындагы 375 орундуу заманбап мектеп. Долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, учурда имараттын биринчи кабатынын колонналары орнотулууда.

Министрлерликтин маалыматына караганда, башкы планга ылайык, жалпы аянты 4048 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат болот. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 750 окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Курулуштун ар бир этабы Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

Эски мектеп 1954-жылы ашар жолу менен 120 орунга ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күндө анда 527 окуучу билим алууда. 2025–2026-окуу жылында орун тартыштыгына байланыштуу 10–11-класстарга окуучулар кабыл алынган эмес.

Последние новости