www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда ырчы Нурчолпондун улуу «Манас» эпосуна байланыштуу аткаруусу кызуу талкууга алынууда. Кыргыз улуттук «Манас» театры коомчулуктагы пикирлерге байланыштуу өз позициясын билдирди.

Театрдын билдирүүсүндө улуу Манаска коомчулуктун кайдыгер карабай, анын айтылышына, аткарылышына жана жайылтылышына көңүл буруп жатканы кыргыз элинин улуттук мураска болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин белгиси экени белгиленет.

«Манас» — жөн гана чыгармачылык материал эмес, кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, дүйнөтаанымын, тилин, салтын жана руханий баалуулуктарын камтыган улуу мурас. Ошондуктан эпосту заманбап форматта жайылтууда чыгармачылык эркиндик менен катар адистик жоопкерчилик да маанилүү.

Театр Манасты манасчылык өнөрү менен гана чектебестен, опера, театр, кино, музыка, балет, хореография, сүрөт, адабият жана заманбап искусствонун башка багыттары аркылуу кеңири жайылтуу зарыл деп эсептейт. Бирок форманын жаңыланышы эпостун мазмуну менен руханий өзөгүнүн өзгөрүшүнө алып келбеши керек.

Тарыхта да Манас ар түрдүү аткаруучулук жана музыкалык формаларда элге жеткирилип келген. Барпы Алыкулов, Жеңижок, Куйручуктай залкарлардын Манас айтканы, Токтогул Сатылгановдун комуздун коштоосунда, Кенжекара Калча уулунун кыл кыяктын коштоосунда аткаруусу буга мисал боло алат.

Бүгүнкү чыгармачылык чөйрөдө да салттуу мурастын өзөгүн сактоо менен заманбап аткарууну айкалыштырып келе жаткан өнөр адамдары бар. Алардын арасында Гүлзада Рыскулова, Жанар Туратова, ырчы Назми, актриса жана маданият кызматкери Ширин Сарыгулованын Манас айтуусу өзгөчө белгиленет.

Театрдын пикиринде, бул жерде негизги маселе Манасты ким же кайсы музыкалык багытта аткарганында эмес, улуу мураска кандай мамиле жасалганында. Аткарууда колдонулган сөздөр, музыкалык жана сахналык чечимдер, образ, кийим-кече эпостун рухуна жана кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына шайкеш келиши маанилүү.

Ушуга байланыштуу театр Нурчолпондун чыгармачылык демилгесин толугу менен жокко чыгарууну көздөбөй турганын билдирип, «Манас» темасына кайрылган чыгармаларды манасчылар, манастаануучулар, филологдор, тарыхчылар, композиторлор, этнографтар жана маданият тармагынын адистери менен кеңешип даярдоо сапатты жогорулатат деп эсептейт.

Коомдук талкууну эске алуу менен театр Нурчолпондун аталган аткаруусун тиешелүү платформалардан алып салуу жана келечекте «Манас» эпосуна байланышкан чыгармачылык иштерди адистер менен кеңешип даярдоо туура кадам болот деген позицияда.

Ошол эле учурда театр коомчулукту жеке чыгармачыл адамды кемсинтүүгө же мазактоого чакырбайт. Сын улуу мурасты коргоого, чыгармачылыкты өркүндөтүүгө жана сапатты жогорулатууга багытталганда гана пайдалуу экенин белгилейт.

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын негизги максаты — улуу эпосту сактап калуу менен гана чектелбестен, аны искусствонун бардык багыттары аркылуу өнүктүрүп, кыргыз элине жана дүйнө коомчулугуна кеңири таанытуу.

 

Последние новости