www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз футбол биримдиги белгилүү футбол калысы, инспектор, инструктор жана устат Виктор Юрьевич Колпаков 68 жашында дүйнөдөн кайтканын билдирди.

Виктор Колпаков футболдук калыстык карьерасын 1979-жылы 21 жашында баштаган. 1981-жылы СССРдин республикалык категориясына ээ болуп, 1983-жылдан тартып СССРдин 1- жана 2-лигаларында, ошондой эле СССР чемпиондугунун буфердик зонасындагы мелдештерде калыстык кылган.

1994–2004-жылдары ал ФИФАнын эл аралык калысы катары Кыргызстандын атынан чыгып, өлкөнү эл аралык аренада татыктуу өкүлчүлүк кылган.

1997-жылдан тартып улуттук мелдештерде инспектор болуп иштеп, калыстар үчүн семинарларды жана окуу курстарын өткөргөн. 2006-жылы АФКнын инспектору болуп дайындалып, 2007-жылдан тартып Азия футбол конфедерациясынын мелдештеринде инструктор катары эмгектенген. Ал эми 2008–2013-жылдары ФИФАнын инструктору болгон.

Виктор Колпаков Бинаретдин Султанбаев атындагы калыстарды даярдоо мектебин жетектеп, калыстардын бир нече муунун даярдоого чоң салым кошкон. Анын шакирттери Кыргызстандын улуттук чемпионаттарында жана эл аралык мелдештерде калыстык кылышкан.

Кыргыз футбол биримдиги Виктор Колпаковдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Виктор Юрьевич Колпаковдун кыргыз футболундагы эмгеги жана футболдук калыстыктын өнүгүшүнө кошкон салымы өлкөнүн спорт тарыхында түбөлүккө сакталат.

Жаткан жери жайлуу болсун.

Последние новости