www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун прокурору кызматына Бакытбек Өмүрбекович Сыдыгалиев расмий түрдө киришти.
Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жетекчини облустагы мамлекеттик мекеме жана ишканалардын жетекчилерине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тааныштырды.
Жолугушууда Аманкан Кенжебаев Бакытбек Сыдыгалиевдин кесиптик тажрыйбасын белгилеп, жаңы кызматындагы ишине ийгилик каалады. Ошондой эле облуста мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти камсыз кылууда тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
Маалымат үчүн: Бакытбек Сыдыгалиев буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп эмгектенген.