www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда эки соода-логистикалык борбор ишке кирди

Ош облусунда Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун алкагында эки соода-логистикалык борбор пайдаланууга берилди.

Долбоорду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Экономика жана коммерция министрлиги жана Финансы министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда.

Долбоор КР Министрлер Кабинети менен түзүлгөн келишимдин негизинде АРИС, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору жана «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Анын алкагында:

  • Кенеш айылында «Эко Азык» ЖЧКсынын мөмө-жемиш продукциясынын кошумча нарк чынжыры боюнча соода-логистикалык борбору;
  • Толойкон айылында «Азия Органикс» ЖЧКсынын мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо боюнча соода-логистикалык борбору ишке кирди.

Жаңы борборлор айыл чарба продукциясынын сезондуулугун жана түшүмдүн коромжу болушун азайтууга багытталган. Алар продукцияны сактоо жана кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, жергиликтүү фермерлердин түшүмүн сактоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, кайра иштетилген жана жогорку кошумча наркка ээ болгон айыл чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Последние новости