www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров "Манас " жана "Ош" аэропорттору 49 жылга ижарага берилгени тууралуу маалыматты жокко чыгарды. Ал бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комититенин жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып, аба майдандарга байланыштуу сунуштар түшүп жатканын билдирди.

"Бул маселе боюнча Экономика жана коммерция министрлиги менен "Эл аралык финансы корпорациясынын" (IFC) ортосунда келишим бар. Анда техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда башка компаниялардан дагы инвестициялык келишимдер тууралуу сунуштар түшүп жатат. Бүгүнкү күндө Түркия, Орусия жана араб өлкөлөрүнөн сунуштар түштү. Аэрпорттор 49 жылга ижарага берилгени такталбаган, туура эмес маалымат. Ар бир сунушту жумушчу топ карап чыгып чечимин жарыялайт. "Манас" акционердик коомунунун 79% үлүшүнө мамлекет ээлик кылат. Акцинердик коом ар бир сунушту карап чыкканга укугу бар", - деди Бакиров.

Эске салсак, июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки аба майданды түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости