www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен бул оору үчүн кимдир бирөөнү күнөөлөгөн жокмун. Кимдир бирөөнү жектебедим. Жөн гана кудайдын сынагы катары кабыл алып, болгон күчүмдү ден соолукту чыңдоого жана калыбына келтирүүгө жумшадым. Мындай пикирин заманыбыздын залкар манасчысы Рысбай Исаков Фейсбуктагы жеке баракчасына  жазып чыкты.

"Эрке кызым ушинтип эшик кайтарган боюнча томсоруп калды. Кыйырга келген кесепет кыйгап өтпөдү окшойт. Мен ар жагында кулпуланып жаттым.

Кудайга шүгүр. Жаратканга болгон улуу ишеним жана өмүргө болгон чексиз сүйүү оорунун белин бүктөдү. Буюрса, бүгүн-эртең кызым экөөбүз кучакташып калабыз. Бирок азыр айтайын дегеним башка нерсе...

Мен бул оору үчүн кимдир бирөөнү күнөөлөгөн жокмун. Кимдир бирөөнү жектебедим. Жөн гана кудайдын сынагы катары кабыл алып, болгон күчүмдү ден соолукту чыңдоого жана калыбына келтирүүгө жумшадым.

ФБны барактап отуруп, айрымдардын пейилине таң калдым. Дале болсо турмуш сабагын ала электер жан кейитти. Бирөөнү күнөөлөп, илдеттен саясат издегендер менен ырчылардын чырын мындай койгондо да, өлүмдү таба кылгандар үрөйүмдү учурду...

Туугандар! Пейилди оңдойлу. Коомубуздагы эң чоң илдет ошол. Баарыңыздарга чың ден соолук каалайм. Бар болуңуздар! Оорубаңыздар!" - деп жазган манасчы Рысбай Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости