www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асель Кадырбекова палатага которулуп, сүйлөп баштады

Ырчы Асель Кадырбекованын абалы күндөн-күнгө жакшыра баштады. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, Кадырбекова реанимациядан өзүнчө палатага которулду. Ырчы айымды апасы карап жатат. Буга чейин ал түтүкчө аркылуу тамак жеп келген болсо, эми апасынын жардамында кашык менен тамактана баштаган.

“Асель сүйлөй баштады. Бирок көбүнчө уктап жатат. Ал апасын жана башкаларды тааный баштады”, - деди Жумабеков.

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30 чамасында Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Одиссей" жана "Тойота Камри" унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган: экөө Honda унаасында, үчүнчүсү-айдоочу Асель Кадырбекова Toyota Camry үлгүсүндөгү унаада болгон.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан, деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости