www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Тажикстандын алыскы айылдарынан алты кыргыз аскеринин сөөгү алынып келингенин билдирди. 

Тажикстан алты кыргыз аскеринин сөөгүн өткөрүп бергенин Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. 

– Тажикстан тээ алыскы айылдарында алты кыргыз аскеринин сөөгү жатканын айтып, биз барып алып келдик. Алар ал жакка кантип барып калганын билбейбиз. Эгер барымтага алса, бизге сөөгүн эмес, тирүү өткөрүп бериши керек эле. Дайынсыз болуп жаткан аскерлер бар, – деди Иманкулов.

Ал тажик тарап жоокерлерди туткундап кетип, баргандан кийин өлтүрүп салышы мүмкүн деп эсептейт.

Иманкулов кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтте 40 кыргыз аскери каза болгонун айтып, набыт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн деген пикирин айтууда. 

– Биздин кээ бир заставалар талкаланган, тонолгон, өрттөлгөн. Курчоодо бир нечеси калган. Бүгүн жакшы кабар алдык. Курчоодон калган бир заставадан 14 жоокер аман-эсен чыкты, – деди Иманкулов.

Ал Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнөн 200 ашык адам өлүп, 400 чукулу жарадар болгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости