www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Фейсбуктагы расмий баракчасында Баткендеги кырдаал боюнча билдирүү жасады.

"Кымбаттуу калайык-журт!

Бүгүн Кыргызстаныбызды коргоп, шейит кеткен мекендештерибизди жоктоп, аза күтүүдөбүз.

Мамлекетибиздин чебин коргогон мекен сакчыларыбыздын баатырдыгына таазим этебиз! Жоокерлерибиз, Баткен облусунун тургундары курман болушту. Ар бири үчүн жүрөк сыздап, кайгы-муңга батып турабыз. Баатырларыбыздын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат.

Курман болгон жарандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, баарыбызга сабыр тилейм. Маркумдардын жаны Бейиште болсун! Жараткан өзү жар болуп, жарадар мекендештерибиз тезирээк сакайып кетишсин!

Ушул оор күндөрү Мекенибиздин Туусунун алдында бир муштум болуп түйүлүп, ынтымак, сабырдуулук менен ар бирибиз колубуздан келген жардамды бердик. Өлкө жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын кырдаалды турукташтыруу ишин мындан ары да колдоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн биримдикте коргойлу! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!

Жараткан Кудай Кыргызстаныбызды колдосун!", - деп жазган экс-президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости