www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен азыр байланышым жок. Бул тууралуу Өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов өзү билдирди.
«Мен Ноокатта чоңойдум. Бизде «өкүл ата» деген түшүнүк жок болчу. Мага деле өкүл ата болуп бериңиз деп көп келишет. Азыр аны менен байланышым жок. Эсеп палатасында 5 жыл убакыт иштедим, качан байланышканым эсимде жок», - деди Марипов.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар Аскарбек Шадиев Улукбек Мариповдун өкүл атасы экенин жазып чыгышкан. Белгилей кетсек, экс-депутат Аскарбек Шадиев ушул тапта издөөдө. Кылмыш ишин козгоого ЖКнын Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировдун 2 миллион сомду ыйгарып алуусу себеп болгон. Катка комитеттин төрагасы Шадиев кол коюп бергени айтылган эле.
Булак: NazarNews.kg