www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү. Мындан улам достук мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берилет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдиргенин Өкмөттүн малымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан. Өкмөт башчы Кытай тарапка коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми элчи Ду Дэвень Кытай өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган кезектеги гумжардам жөнөтүү чечимин кабыл алганын жана жүк жакынкы күндөрү келерин айтты.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, коронавируска каршы кытай вакцинасын бекер алуу, «Торугарт» менен «Эркечтам» постундагы жүк өткөрүүнү көбөйтүү маселелерин дагы талкуулашкан.

Мындан сырткары, өкмөт башчы менен элчи эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жандантуу мүмкүнчүлүгүн дагы сүйлөшүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости