www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишин кароо уланууда.

Ишти судья Салтанат Есенкулова карап жатат.

Маркум Айзаданы уурдоого 5 адам айыпталууда. Алар: Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов.

Отурумда Раманкулов күнөөсүн мойнуна алган жок. Нурумбетов күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Калгандары күнөөлөрүн жарым-жартылай мойнуна алышты.

Айыпталуучулар окуя тууралуу өздөрүнүн версияларын айтып беришкенден кийин Айзаданын апасы Назгүл Шакеновага сөз берилди.

Шакенованын айтымында, кызы 5-апрель күнү эртең менен жумушка тигүүчү цехке кеткен. Түшкө маал кызы менен чогуу иштеген аял чалып, Айзада жумушка келбегенин айткан.

«Мен кызым менен байланышууга аракеттендим, бирок ал телефон чалууларга жооп бербей жатты. Мен сиңдиме чалып, үйдөн Айзаданын телефонун карап көрүүнү сурандым. Айзадан телефонун үйгө унутуп калган болушу мүмкүн деп ойлодум. Бирок сиңдим чалып, үйдө телефону жок экенин айтты. Мен кайрадан кызым менен байланышууга аракеттенип жаттым», - деди Шакенова.

Ал ошол эле күнү милицияга барган. Нөөмөттө турган кызматкер Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде бир кызды ала качып кетишкенин айткан. Шакенова ал кызы болуп калышы мүмкүн экенин айтканда нөөмөттөгү кызматкер аны тергөөчү Уларбек Арыкбаевге алып барган.

«Мен видеону көрүп, кызымды тааныдым жана арыз жазам дедим. Тергөөчүгө Замирбек Теңизбаев маньяк экенин айткам. Ошону менен катар Айзада менен байланышууга аракеттенип жаттым, бирок саат төрткө жакын телефону өчүп калды», - деди Шакенова.

Ал тергөөчүдөн видеону сураган, бирок тергөөчү макул болгон эмес.

Андан тышкары Уларбек кызымдын жашын угуп, кудаларды күтө бергиле деди. Ошондой эле ала качуудан кийин майрамдашарын, ошондуктан телефон чаганды унутуп калган болушу мүмкүн экенин айтты. Ал жана дагы бир ыкчам кызматкер эгерде кудалар келсе, аларга чалып коюуну суранышты», - деди Шакенова.

Ал тергөөчүнүн сөзүнө ачууланып, эгерде ала качуу болсо, кудалар эбак эле келишмек экенин айтып, кызын таап берүүнү талап кылган.

Болжол менен кечки саат беште Айзада эжеси Бактыгүл Шакеновага чалып, үйүнө бара жатканын, Кара-Балтага жетишкенин жана жакын арада Бишкекте болушарын айткан. Айзаданын апасы менен эжеси бул тууралуу дароо милицияга айтышкан.

«Андан кийин Айзадага өзүм чалдым. Ал келе жатканын айтты. Мен тезирээк келүүнү сурандым», - деди Айзаданын апасы.

Бирок Айзада үйгө келген эмес. Ошондо Бактыгүл Шакенова «Фаиза» кафесине барып, ал жактан Айзаданы ала качышкан видеону алып, социалдык тармактарга тараткан.

Сот отурумунда Шакеновага кызы Теңизбаев менен кантип таанышкан деген суроо берилди.

Шакенова социалдык тармакта таанышышканын айтты.

«Кызым анын сүрөтүн көрсөткөн, ошондо Теңизбаевдин жакпаганын айткам. Теңизбаевдин көз карашы жаккан эмес», - деди Шакенова.

Жабырлануучу тарап суралып бүткөндөн кийин сот 15-июнга чейин тыныгуу жарыялады.

Айзада Канатбекова 5-апрелде эртең менен уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкек шаарынын четиндеги талаада токтоп турган унаадан табылган. Унаада аны уурдагандардын бири Замирбек Теңизбаевдин дагы жансыз денеси табылган. Ал Айзаданы зордуктап, муунтуп өлтүргөндөн кийин өз жанын кыйган.

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, укук коргоо органдарынын 44 кызматкери жазаланды.

Теңизбаевге Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо), 130-беренеси (Адам өлтүрүү) жана 161-беренеси (Зордуктоо) менен айып тагылган. Бул факттар бир сотко чейинки өндүрүш ишине бириктирилген, бирок Теңизбаевдин өлгөнүнө байланыштуу тергөө иши токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости