www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа парламенти Минскинин Грециядан Литвага учуп өтүп бараткан жарандык учакты мажбурлап кондуруп, анын бортунан оппозициялык активистти кармаган аракетине жооп кылып, ага каршы катаал санкцияларды жана башка чараларды күчөтүү маселесин көтөрдү.

Бул тууралуу 10-июнда кабыл алынган токтомдо Беларустун токой жана болот өнөр-жайына, мунай менен калийге карата экономикалык санкцияларды киргизүү чакырыгы камтылды.

Европалык мыйзам чыгаруучулар бул санкциялар андагы мамлекеттик банктар менен кызматташууну токтотуп, Беларуска SWIFT эл аралык банк системасына кошулууга тыюу сала турганын айтышты.

Евробиримдик жети беларус компаниясына жана 2020-жылдагы президенттик шайлоодогу жеңиши чоң күмөн жараткан Александр Лукашенко баш болгон 88 адамга карата санкция киргизген.

Евробиримдик жакында Беларуска карата төртүнчү ирет санкцияларды киргизүү планын кубаттап, Минскини «мыйзамсыз жана кылмыштуу режим» деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости