www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Facebook баракчасына Өмүрбек Бабанов мыйзамсыз камалды, биз түшүнүк менен эмес, мыйзам менен жашашыбыз керек деген акылдуу ойлорун жазып, төмөнкүлөргө токтолуптур.

«Өмүрбек Бабанов жетекчилик кызматта турганда «Центерранын» эмес, Кыргызстандын гана кызыкчылыгын коргоп келгени баарыбызга маалым! 2012-жылы Кумтөргө мурдагы бийлик берип салган 16 миң 330 гектар жерибизди Кыргызстанга кайтарган дал ушул Бабанов болду. Бирөөгө жагабы, жакпайбы, бул кашкайган факты!

Фактыга, далилге таянбай туруп саясий ишмерлерди четинен СИЗОго камай бергенине мен башынан каршы чыгып келатам, биз түшүнүк менен эмес, мыйзам менен жашашыбыз керек. Жапаров да, Текебаев да мыйзамсыз камалганын айттым эле, мына, Бабанов да мыйзамсыз камалды жана соттук териштирүү жабык болуп, журналисттерден бекинип, одоно мыйзам бузуу менен өтүүдө!» дептир.

Эгер Жанар Акаевдин айтканы чын болсо, анда неге Өмүрбек Бабанов 2012-жылы премьер-министр кезинде парламенттин төрүндө «Центерранын» кызыкчылыгын коргоп, «урматтуу депутаттар добуш берерде улутташтыруу мыйзамын, токтомун колдоодо этият болуп, сак болуңуздар.

«Кумтөрдү» иштеткен компания оңой компания эмес. Америкада акциздери бар, дүйнөдөгү чоң компаниялардын бири. Улутташтырып жиберсек кандай болот, ойлонгула” деп ачык эле айтыптыр го. Анан кандай эле Бабанов «Центерранын» эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп калат?

Жанар Акаев кичине алды-артыңды карап сүйлөсө. Анын айтканыңа ынаналы деп өзүбүздү алдаган күндө дагы Бабановдун «Центеррага» жан тартып сүйлөгөн видеосун кантип жокко чыгарабыз. 

Бабанов мыкты болсо, Талас элинин тобокелге салып, Атамбаевге ортомчу түшүп, Кыргызстан «Жерүй» кенинен бир да пайыз үлүш албай турган сүйлөшүү жүргүзмөк эмес. Элдин ырыскысын кайдагы бир чечен бизнесменге тартып бермек эмес. Анын ким экенин эл жакшы билет.

Кыскасы, Бабанов туура камалды деп ыраазы болгондор  четтен чыгат. Акчалуу адамдардын айтканын ырдаган саясатыңды токтотуп, элдин тынчтыгын бузба. Акылыңды өз жашооңо колдон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости