www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын башчысы Н.П.Айтмаматовдун кармалышы боюнча УКМК маалымат берди. Нурбек Айтмаматов кармалганы 9-июнда кечинде белгилүү болгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, мыйзамсыз баюуга шектелген Айтмаматов көмүскө кирешенин бир бөлүгүн «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компаниясы аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Н.П.Айтмаматовго таандык болгон.

Болжол менен сөз «Капитал Строй Инвест» ЖЧК менен «Роял Констракшн» ЖЧК тууралуу болуп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Н.Айтмаматовдун апасы Кулбаева Канымбү Маматемировна «Капитал Строй Инвест» ЖЧКнын жетекчиси жана «Капитал Строй Инвест» ЖЧКны түзүүчүлөрдүн бири. Компаниянын түзүүчүсү деп Акжигитов Мирлан Төлөнович жана Кенжеев Талантбек Шадимуратович катталган.

Турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруучу бул компания 2016-жылдын 20-сентябрында кайра каттоодон өткөн.

«Роял Констракшн» ЖЧКны түзүүчүлөрдүн бири катары Кулбаева Канымбү Маматемировна (апасы) көрсөтүлгөн. Башка түзүүчүлөр — Акжигитов Мирлан Төлөнович жана Кенжеев Талантбек Шадимуратович. Жетекчиси — Акжигитов Мирлан Төлөнович.

Турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруучу бул компания 2020-жылы 1-октябрда кайра каттоодон өткөн.

Нурбек Айтмаматовдун жубайы да курулуш тармагындагы ишкерлик менен эмгектенет.

«НТС трейд» ЖЧКны түзүүчүлөрдүн бири — Чынара Матанова. Ал Нурбек Айтмаматовдун жубайы. Бул компаниянын башка түзүүчүлөрү — Байжигитов Сейитбек Азимбаевич жана Мендибаев Талант Кекиевич.

Турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруучу компания 2017-жылы 14-июлда кайра каттоодон өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости