www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Панфилов районундагы Батыш Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Марипов фермерлер менен жолугушуп, сугат сууга жана ирригациялык объекттерге байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулады.

«Орун алган көйгөйлөр тууралуу маалымат алып, сиздер менен жолугушуп, абалды талдоого алуу иретинде атайын келдим. Мен сиздердин кооптонууңуздарды түшүнүп турам.  Кургакчылыкка байланыштуу фермерлер сугат сууга муктаж болууда. Тилекке каршы, мындай абал бул райондо гана орун алып жаткан жок. Азык-түлүк коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турат. Тармактык түзүмдөргө жакын арада районду суу менен камсыздоо тапшырылган. Эгер эртеңден тарта сугат суу маселеси чечилбесе, облус, район жетекчилигине карата катуу чаралар көрүлөт», — деди ал.

Андан соң Улукбек Марипов Панфилов районундагы Киров айылындагы скважинаны көрүп чыкты. Анда трансформатор жана насостук жабдуу орнотуу талап кылынат, бул иш аткарылса, 40-50 га жерди сугарууга шарт түзүлөт.

Марипов донордук уюмдар менен биргеликте тийиштүү долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу максатында Панфилов районунун ирригациялык тармагын өркүндөтүү боюнча сунушту кыска мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости