www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы чыкканча Өмүрбек Бабановду адашы Өмүрбек Текебаев Атамбаев менен сүйлөшүп алып, кайдагы бир атты шылтоолоп, провокация кылып, кызматтан кетүүгө аргасыз кылышкан», - деди бүгүн, 11-июнда NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек агай, Бабановдун колдоочулары митингге чыкканы бири ал актанып жазган катка эл ишенди десе, экинчиси акча таратылды деген маалыматтарды айтышууда. Ошондой эле Таластыктар биздин бала деген намыс менен чыгууга аргасыз болду деген да варианттар бар. Кайсынысына ишенсек болот?

- Биринчиден, Бабановдун тарапташтары камакта актанып жазган катка ишенип, ак жеринен кармалып жаткан тура деген ойдо колдоп чыгышты. Анткени, ал катка Бабанов «менин эч кандай күнөөм жок, мени жөн эле камап жатышат» деп жазды. Ошондой эле, митингге чыккандардын арасында биздин бала, өз бала деп колдоо көрсөтүү максатында баргандар болду.

Анткени, 7 дубандын баарында эле жердешчилик күч алган. Күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин териштирбей туруп, биздин бала деп колдой беришет. Бирок, митингге чыгып, Бабановдун таламын талашкандар 2012-жылкы парламенттин жыйынынан тартылып алынган видеого көңүл бурушса жакшы болот эле.

Тагыраагы, Бабановдун азыркы жазган каты башкача видеодогу сүйлөгөн сөзү таптакыр башка болгонуна күбө болушат. Айтайын дегеним, видеону да көрүп, Бабановдун катын да окуп, кайсы Бабановго ишениш керек экенин аныктап алышса жакшы болмок.

- Кайсыл Бабановго ишенсек болот?

- Мен камакта жатып алып, кат жазган Бабановго караганда 2012-жылкы парламент трибунасынан видеодо сүйлөгөн Бабановго көбүрөөк ишениш керек деп ойлойм. Анткени, ал кезде Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган. Ошон үчүн «Кумтөргө» жантартып сүйлөгөн. Тагыраагы, «улутташтыруу мыйзамын, токтомун колдоодо этият болуп, сак болуңуздар. «Кумтөрдү» иштеткен компания оңой компания эмес. Америкада акциздери бар, дүйнөдөгү чоң компаниялардын бири. Улутташтырып жиберсек кандай болот, ойлонгула» деп ачык эле айткан. Бабанов эми андагы сөзүн кантип танат? Андан көрө элди алдабай эле ошол мезгилде колдогонум чын болчу деп ачык эле айтып койсо болмок.

- Бирок, токтом чыккандан кийин мамлекеттик комиссия түздүргөм деп жатат го?

-Туура, токтом чыккандан кийин комиссия түздүргөн. Мамлекеттик комиссиянын башына Темир Сариевди, орун басары кылып Динара Кутманованы койгону чын. Аны тана албайбыз.

- «Комиссиянын жыйынтыгы чыкканча мени премьер-министрликтен кетирип салган. Болбосо «Кумтөр» боюнча башкача чечим чыкмак» дегенине ынансак болубу?

- Чын эле «Кумтөр» боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы чыкканча Өмүрбек Бабановду адашы Өмүрбек Текебаев Атамбаев менен сүйлөшүп алып, кайдагы бир атты шылтоолоп, провокация кылып, кызматтан кетүүгө аргасыз кылышкан. Бирок, Текебаев азыр улуттун атасындай таасир калтырып, омоктуу ойлорун айтып жүрөт. Чынында «Кумтөрдүн» таламын талашкан адам, адилеттүү чечим чыгарта алат беле деген да маселе бар.

- Негизи эле Бабановго ишенсек болобу?

- Балким ошондо кызматтан кетпегенде чын эле «Кумтөр» боюнча башкача жыйынтык болмоктур. Бирок, мен Бабановго анчейин эле ишене бербейм.  Бир нерсени балп эткизип сүйлөп алып, кайра актанып отура берет. Кызыл-Адырдагы сөзүн баарыбыз билебиз. Бирок, кийин мен андай сүйлөгөн эмесмин, мантаж кылып коюптур деп танып чыкты. Ошон үчүн азыркы катындагы, кызматтан кетпегенимде укмуштуудай чечим чыгартмакмын дегени жөн эле сөз болушу да мүмкүн.

Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бабановду колдоп чыккан тарапташтарына кайрылат элем. Бизде сот, прокуратура деген органдар бар. Бабанов өз укугун сот аркылуу коргосун. Сотто ак экенин далилдесе эркиндикке чыксын.  Күнөөсү болсо камалсын.  Мен деле Бабанов камалып кетсин дебейм. Бирок, баары мыйзамдын чегинде болушун каалайм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости