www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Чубак ажынын достору Кайрылуу жасады

Муфтият “дин аалымы Чубак ажы Жалиловду ооруканага кабыл албай койгон жана жасалма дем алдыруучу аппарат жетпей калды” деп социалдык тармактарда айтылып жаткан кеп боюнча Чубак Жалиловдун достору кайрылуу жасашты.

"Устатыбызга урматыңар болсо, "тынч жаткыргыла!". Кымбаттуу туугандар, биз урматтуу аалымыбыз Чубак ажыны акыркы сапарга узатуу менен алек болуп журүп соцжелелердеги маалыматтардан кабардар эмес элек. Бүгүн интернетке баш багып, андагы ар кыл комментарийлерди көргөндөн кийин ушул маалыматты айтпасак болбойт. Биз, достору, ажыкебиз ооруп калган күндөн тартып, ооруканага жеткенче жанында болдук. Чубак ажы ооруп калганын угуп, апта башында Президентибиз Сооронбай Шарипович өзү телефондон ал-акыбалын сураган.

Чубак ажы: "Үйдөн эле дарыланып, сакайып кетем",- деп үйдө дарыланып жаткан. Мурда деле сыркоолоп калса ошентип эле сакайып кетчү эле...

Жума күнү кечинде Президенттин жардамчысы чалып, аалымдын акыбалын сурады. Мурункуга караганда начарлаганын, дем алуусу кыйындап жатканын айтсак, "Тезинен госпитализация кылыш керек турбайбы?- деп, саламаттыкты сактоо министринин орун басарына дайындады.

Улуттук госпиталда орун бар экенин айтышып, тезинен ал жерге алып бардык. Келери менен врачтар дем алдыруу аппаратына кошуп, реанимацияга жаткырышты. Биз дайыма жанында болуп жаттык. Врачтар колдорунан келгенин кылганын биз өзүбүз күбө болдук.  Аллахтын буйругу экен, Чубак ажы дүйнө салып кете берди.

Урматтуу туугандар, сөөк да муздай элек, билип-билбей ар түрдүү баа берип жаткандардан суранабыз, мындан саясат кылбасаңыздар. Каргыш тийген илдеттин шартында кандай муктаждык жаралса, биз да ошо эреже менен акыркы сапарга узаттык.

Урматтуу туугандар, баардыгыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Сабырдуулук тилейбиз. Элибиз бул илдеттен аз чыгаша менен чыгып кетүүсүн Кудайдан тилейбиз!", - деп кайрылуу жасаган  Чубак ажынын достору: Тойгонбай ажы Абдыкааров, Асан ажы Сыргабаев, Замир ажы Абитов, Молдожаш ажы Турдукулов.

Эске сала кетсек, Чубак ажы 10-июлдан 11-июлга караган түнү оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилип, ошол жактан үзүлгөн.

Кечээ, анын сөөгү 11-июлда кичи мекенине жерге берилди.

Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости