www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-июлда Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болуп, сөөгү кичи мекенине жерге берилди.

Социалдык тармакта маркум тууралуу ар бир колдонуучу өз баракчаларында эскерүү постторун жазып жатат, 

Алардын ичинде белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова да бар. Ал маркумду төмөнкүчө эскерди:

“Чубак Ажынын мен тууралуу айтканын күйөрмандарымдын көбү салып, сизди сөз кылды дешти эле. Ал кишинин ойлорумду окуурун билчүмүн. Анткени досторубуз бир. Мен тууралуу "Бир муфтият кыла албаганды ушул кыз кылып жатат. Адамдардын оюн өзгөрткөнгө салымы чоң. Кап, динге ушундай кызмат кылса" дегени бар. Интервьюга чап кенедей жабышып чакырдым. "Жакшы көрүп калам да!" деп тамашага салып, келбей койдуңуз. Кап, жакшы сөздөрүңүздү, таржымалыңызды, баскан изиңизди, көз карашыңызды алып калмак экенмин! Өкүттө калдым! Артынан адамдарды ээрчитиш кымбат. Артыңызда сизди сыйлаган, сөзүңүздү жазбай уккан көп киши калды! Жаныңыз жаннатта болсун! Тынч уктаңыз!”,- деп Назира Айтбекова эскерүү жазды.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Чубак Ажынын мен тууралуу айтканын күйөрмандарымдын көбү салып, сизди сөз кылды дешти эле. Ал кишинин ойлорумду окуурун билчүмүн. Анткени досторубуз бир. Мен тууралуу " Бир муфтият кыла албаганды ушул кыз кылып жатат. Адамдардын оюн өзгөрткөнгө салымы чоң. Кап, динге ушундай кызмат кылса" дегени бар. Интервьюга чап кенедей жабышып чакырдым. "Жакшы көрүп калам да!" деп тамашага салып, келбей койдуңуз. Кап, жакшы сөздөрүңүздү, таржымалыңызды, баскан изиңизди, көз карашыңызды алып калмак экенмин! Өкүттө калдым! Артынан адамдарды ээрчитиш кымбат. Артыңызда сизди сыйлаган, сөзүңүздү жазбай уккан көп киши калды! Жаныңыз жаннатта болсун! Тынч уктаңыз!

Публикация от Nazira Aytbekova (@naziraaytbekova)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости