www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Менин иним, Райымбек Матраимов өмүр менен өлүмдүн ортосунда кызмат кылган дарыгерлердин жумушу токтоп калбашы үчүн, коргоочу жабдыктарды үзгүлтүксүз сатып алып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.
"Исмиал Ата" фонду “Андрос Ош” ооруканасынын кызыл зонасында иштеген медициналык кызматкерлерге 3M 6200 жогорку коргонуу респираторун белекке берди. Жарандардын ден-соолугу үчүн вирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин саламаттыгы алдыңкы орунда турат", - деди Искендер Матраимов.
Эске сала кетсек, Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда 250 миң бет кап, вирустун белгилерин ыкчам көрсөтүүчү 20 миң экспресс-тесттер, 500 коргоочу костюмдар жана 500 коргоочу көз айнектерин беришкен. Ошондой эле, мамлекеттин эсебине 10 000 000 сом, калктын жардамга муктаж катмарына ун, өсүмдүк майы жана азыктар салынган баштыктарды таратып беришкен.
Мындан сырткары, унутулуп калган кыргыз киносунун ардагерлерине чакан гуманитардык жардам көрсөткөн.
Булак: NazarNews.kg