www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-апрель күнү кыргыздын чыгаан төкмө акыны Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Саат 09:30да башталган митинг, 10:30 да андан ары акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Маркум менен коштошуу үчүн жакындары, үзөңгүлөштөрү болуп жалпы саны 200дөн ашык адам келди.

Белгилей кетсек, КРнын Эл артисти, белгилүү төкмө акын, ырчы Элмирбек Иманалиев 19-апрелде ооруканага түшүп, 20-апрель күнү каза болгон.

Эске сала кетсек, "Ала-Арча" көрүстөнүнө белгилүү инсандарынын сөөгү бир гана өкмөттүн уруксаты менен коюлат. Союз убагынан бери "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргызстандын миңге жакын белгилүү инсандарынын сөөктөрү коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости