www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл уулу, маркум Элмирбек Иманалиевге журналист Стал Абдыраевдин арнаган ыр саптары

Буулуктуң, жан дүйнөң батпай өзүңө,
Буулуктуң, тынч албай жаның, денеңде...
Бул дүйнө эми кунарсыз болдубу, Элмир,
Бүт элди муңкантып кеттиң, эмине?..

Кыргыздан сендей уул чыгат качан ким билет,
Кылычын алган ажалга башың ийдиңби?..
Кылымда келчү таланттын бири сен элең,
Кыргызың эми кылымдап эңсейт, Элмирбек...

Булбулуң эңсеп, артынан издеп кеттиңби,
Буулукан дүйнөң эч тынчтык бербей эркиңе...
Бул жашоо эми, тузу жок болгон кем дүйнө,
Буулугуп далай, ыр жазаар өзүң жөнүндө...

Ажалга Элмир аргасыз башың ийдиңби,
Аруузат кантет, өзүңсүз эми кем дүйнө...
Арга жок Элмир жерге жак иним, тынч укта,
Аргасыз элиң, топурак таштайт көрүңө!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости