www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын Пиза провинциясында коронавирусту жуктуруп алган адамды дарыгерлер ооруканага алып кетишкен. Анын абалы оор болгондуктан дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул учурда анын ити үйдө жалгыз калганын, ит ээсин издеп келгенин чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жети жаштагы овчарканын аты Стелла. Ал ээсин үйүндө саналуу күндөр күткөн. Бирок ал келбегендиктен, үйүнөн сыртка чыгып аны издеп жөнөгөн. Алар жашаган үй ооруканадан бир топ эле алыс болгонуна карабай Стелла ээси жаткан оорукананы таап барган. Тилекке каршы, бул учурда анын кожоюну каза болуп калган.

"Бирок ит оорукананын короосунан кеткен эмес, ал ээсин күтүп жүргөн. Окуя өткөн жумада болгон. Кийинчерээк ал ит тууралуу жергиликтүү жаныбарларды коргоо уюмдарына кабар берилип, алар Стелланы алып кетишкен. Уюм Стелла ээсинин жоктугун оор өткөрүп жатканы тууралуу интернет тармагына жазышкан. Көп өтпөй аны бакканга адамдар табылган. Стелланын ээсинин агасы аны үйүнө алып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости