www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-апрель күнү кыргыздын чыгаан төкмө акыны Элмирбек Иманалиев акыркы сапарга узатылды.

Коштошуу зыйнатында залкар талантты расмий бийликтин өкүлдөрү, кесиптештери, жакындары жана талантын баалаган замандаштары эскеришти.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары Эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элибиздин  жүрөгүндө түбөлүк жашайт.

Маркум Элмирбек Иманалиевдин сөөгү борбор калаадагы тарыхый мемориалдык "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, КРнын Эл артисти, белгилүү төкмө акын, ырчы Элмирбек Иманалиев 19-апрелде ооруканага түшүп, 20-апрель күнү каза болгон.

Эске сала кетсек, "Ала-Арча" көрүстөнүнө белгилүү инсандарынын сөөгү бир гана өкмөттүн уруксаты менен коюлат. Союз убагынан бери "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргызстандын миңге жакын белгилүү инсандарынын сөөктөрү коюлган.

NazarNewsтун жалпы жамааты маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости