www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевдин аялы Тинатин Шадыканованын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, сөөктү, 10-июлда кечки саат 17.20 чамасында Көкөмерен дарыясынан, Арал айылынан ылдый тарапты көздөй 2 чакырым аралыктан табууга мүмкүн болду. Учурда маркумдардын 26 жаштагы уулун издөө иштери уланууда.

Абдылдаев, анын аялы, баласы жана 8 жаштагы небереси, айдоочусу түшкөн автоунаа 30-июнда Суусамырга Кожомкулдун 130 жылдыгына бараткан учурда кырсыкка кабылып, Көкөмерен дарыясына агып кеткен. 2-июлда Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун, 4-июлда небереси Сафиянанын сөөктөрү табылган. Калган экөө изделип жаткан.

Молдакун Абдылдаев менен небереси 6-июлда жерге берилди. Ага чейин айдоочу акыркы жайга узатылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости