www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум, кыргыздын чыгаан уулу, 42 жашында ууланып каза тапкан Сатыбалды Жээнбековдун бейнесине арналган С. Пирматовдун 1984-жылы июн айында жазылган эскерүүсүн NazarNews маалымат агенттиги окурмандарыбызга жарыялайбыз.
Эфир толкуну... Тааныш үн...
Кыргыз телевидениесинин кечки берүүсүн жашы отуздардан ашып калган ак жүздүү салабаттуу жигит алып баратты.
Диктордун коңур үнү кулагыма жылуу учурап, эмнегедир тааныштай сезилип жатты: «Кайдан көрдүм экен?» деген ой сезимимди бийлеп телевизордогу берүүнү кайдыгер өткөрүп жаттым. Бир оокумда берүү аяктап: «Берүүнү алып барган Сатыбалды Жээнбеков» дегенде гана анын элеси кылт эте түштү. Анын орто бойлуу сымбаттуу турпагы көз алдыма элестедим
1976-жылдын кыш айы болчу. Райондук маданият үйүндө окуучулардын өздүк көркөм чыгармачылык боюнча кароо конкурсу өтүп жаткан. Зал ичи шаңга бөлөнүп, музыка үнү жаңырып турду. Кароо жандуу өкүм сүрүп дүркүрөгөн кол чабуулар коштолот. Аңгыча кезек биздин мектел интернатына келип жетти. Улам кезек жакындаган сайын жүрөгүм опкоолжуп, ырдоочу ырым да супсак сезилгенсил баратты. Элдик бий аткарылып бүткөндөн кийинки номер мага ыйгарылды.
Сахнага чыгардын алдын эле денем нымшып чыкты. Үйрөнчүк манжаларым аккардеондун баскычтарын күүгө салып кирди. Кыялым кыргыз тоолорун аралап, керемегтүү көрүнүшкө суктана үн создум.
Кереметтүү сен атамсың, энемсиң,
Салыштырып сага кимди теңесем.
Караанындан кагылайын Ала-Тоом,
Кимдер сени атам — энем дебесин.
Дүркүрөгөн кол чабуулар. Сахнанын аркы четинде турган агайымдын жүзүнөн улам кубана түштүм. Кароонун жыйытыгында калыстар тобунун мүчөсү С.Жээнбеков мага жеңуүчү белекчени тапшырып жатып: «Сапарың байсалдуу болсун Сабырбек!» — деди колумду кыса. Ошол күндөн тартып анын элеси эсимде калыптыр. Көп узабай эле анын аткаруусундагы “Эсимде”, “Гүлайым”, “Жеңиш күнү” аттуу ырларды угуп жөндөмдүү аткаруучулугуна ынандым. Анын аткаруусундагы кандай гана ыр болбосун, анын коңур үнүнө шай келишип турчу. Менин баамымда анын жагымдуу үнү жасалма эмес чыныгы талангы болчу.
Ушул жаркын талант аны эфир толкуну менен болгон байланышына себепкер болду. Мугалимдик ардактуу кесип менен бирге дилиндеги искусствого болгон кумарлануусу айкашты. Күн өткөн сайын кызыгуусу артып, чыгармачыл күч кыргыз радиосунун босогосуна алып барды. Өзүнүн шыгын эл сыноосуна койду. Ушул күнгө чейин кыргыз радиосу менен телекөрсөтүү уктуруулары З.Абдубачаев, Б.Мамыгов, А.Ниязов сыяктуу дасыккан дикторлор менен жаңырса, алардын катарына ак боз ат миңген отуз жаштан ашкан куракта Сатыбалды Жээнбеков келип кошулду. Анын кыргыз радиосу менен теле көрсөтүүсүнө келип кошулушу өзүнчө бир башкача агым алып келди. Ушул агым өзүнчө эле чоң мааниге ээ. Ал агым — кыргыз элинин маданиятынын бийиктеп жаткандыгым айгинелөөсү факт.
Ушул мезгилге чейин кыргыз телекөрсөтүүсүндө эки тилде бирдей эркин сүйлөгөн диктор да өзүн бирдей көрсөткөн кыргыз дикторлорунун биринчи карлыгачы. Ал кандай гана берүүнү алып барбасын, берүүгө алдын ала даярданып алгандай майда штрихтерине чейин өзгөчө көңүл бөлөт. Кандайдыр бир майда эле нерсенин өзүнөн чоң натыйжа алып чыгат. Мына ошондон кийин гана биз диктордун чыныгы жөндөмдүүлүгүнө ынанабыз. Эгерде диктор окуп жаткан текстин супсак окуса, угуучулардын да, көрүүчүлөрдүн да сезимине жеткире албайт. Диктордун оозунан чыккан ар бир сөз мейли супсак формада болсун сөзсүз диктордун каны — жаны аркылуу өтүп, көрүүчүлөрдүн сезимин козгойт. Сатыбалдынын да ушундай агымдагы кереметгүү касиети бар. Мына ошондуктан ал тез эле коомчулуктун көңүлүнө жагып калды.
Жогоруда биз сөз кылган Сатыбалды Жээнбеков районубуздагы Тайгараев атындагы солхозунда туулган. Анын балалык күлгүн курагы да айылда өттү. Айылдык орто мектептен билим алып, 1973-жылы Мичуримский шаарындагы педагогикалык институтту орус тили боюнча бүтүрүп чыгат. Алгачкы эмгектик чыйырын Пушкин атындагы орто мекебинен баштады.
Көгүлтүр экран. Дикгор кезектеги берүүнү алып барып жатты. Анын жагымдуу коңур үнү көрүүчүлөрдүн делебесин козгоп сезим чабыттарын ойготот. Ак чачтуу кары картаңдан жаш наристелерге чейин кумарлануу менен тигилишет. Анын ар бир сөзү көрүүчүлөрдүн каны-жанын аралап өтөт. Жалпы элдин жүрөгүнүн төрүнөн орун алат.
Ушундай оң сапаттуу агым учкуну Сатыбалды Жээнбековдо мол. Ал ушундай жактары менен эл урматтоосуна татып, бүгүнкү күндө кыргыз радиосу менен телекөрсөтүүсүнүн ортон колдой диктору.
Булак: NazarNews.kg