www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-июнда Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция болуп өттү. Анда төрт катышуучу аралыкты сактап, Ак үйдүн алдына чыгышты. Алар: "Милиция коргошу керек", "Чыныгы кылмышкерлер жазаланууга тийиш", "Аялдарды өлтүрүүнү жана зордуктоону токтоткула!", - деген плакаттарды көтөрүштү.
Милиция акциянын катышуучуларын таратууга аракет кылганы менен катышуучулар алардын нааразычылык билдирүүгө акысы бар экенин айтып, тарабай коюшту.
Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы акцияда түшкө жуук чыр чыккан. Белгисиз аял тынчтык пикетинин катышуучуларына кол салды.
Ал алгач митингчилерди кыргызча сүйлөөгө үндөдү. Катышуучулар “бул акциянын маңызын өзгөртө албайт” деп айткандан кийин ал плакаттарды күч менен тартып алууга аракет кылды. Ал эми милиция окуяга кийлигишкен жок.
Аял акцияга катышкандарды бейөкмөт уюмдар каржылаган деп эсептей турганын билдирип, өзүн журналисттерге Замира Мамбетова деп тааныштырып, активист экендигин айтты.
Эске сала кетсек, Википедия энциклопедиясынын маалыматына ылайык, ЛГБТлар колдонуп келген Көк-желе (асан-үсөн) желеги (орусча: радужный флаг) - асан-үсөндүн өңүн чагылдырган түстүү желек. Желектин ар кандай түрлөрү бар болгону менен ал классикалык түстөрдүн алмашуусуна негизделип жасалган: кызыл, сары, жашыл, көк, кызгылт көк (фиолетовый), кызгылт сары (оранжевый).
Мындай түстөрдүн айкалышуусунан жасалган желек ар кандай маданияттарда жана кыймылдарда белгилүү. Бүгүнкү күндө эң белгилүү жана таанымал варианттардын бири – “Прайд туусу” (ЛГБТ кыймылынын символу), “Тынчтык туусу” (тынчтык кыймылынын символу) жана Американын түпкү элдеринин кыймылынын желеги. Алардын дизайнынын окшоштугу көп учурда башаламандыкка алып келет.
Булак: NazarNews.kg