www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги саясий серепчи  Табылды Акеровду кепке тартып,  премьер-министрлик кызматка киришкен Кубатбек Боронов тууралуу сүйлөштүк.

--Табылды агай, Кубатбек Боронов жетекчилик кылган өкмөттү шайлоого чейин иштей турган техникалык өкмөт деп жатышат. Техникалык өкмөттүн негизги милдети шайлоону таза өткөрүүбү же бийликтин партиясын парламентке алып  келүүбү?

--Техникалык өкмөт парламенттик шайлоого чейин гана  иштейт. Шайлоо бүтөрү менен, жаңы парламент келгенде, техникалык өкмөт кызматтан чегинет. Жаңы парламент жаңы өкмөттү бекитет. Ошондуктан, К.Боронов жетектеген өкмөт эч нерсеге алаксыбай, жаңы парламент келгиче эл үчүн иштеп, элге көрүнүп, кийин да колдоого алына тургандай иштер менен алек болушу керек. Эгер өкмөт саясатка аралашпай, экономиканы турукташтыруу, туура багытка буруу маселелери менен алектенип, кандайдыр бир жылыш жасаса, анда сөзсүз бул өкмөт сакталып калышы мүмкүн. Ошон үчүн бүгүн өкмөт мүчөлөрү бардыгы Кубатбек  Бороновдун тегерегине биригип, бир командадай мыкты ишти көрсөтүшү  керек. Буга буларда убакыт да, мүмкүнчүлүк да бар.

--Бирок, эт менен челдин ортосунда жүрүп, көнүп калган өкмөт сиз мисалга алган маселелердин үстүндө иштеп, чечкиндүү кадамдарга бара алабы?

--Кубатбек  Боронов башкаларга салыштырмалуу тажрыйбалуу кадр. Көптөгөн тепкичтерди басып өттү. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп, өзүн көрсөтө алды. Биринчи-вице-премьер болуп туруп, таажы вирусу боюнча карантинде штабды башкарды. Бүгүн ал өкмөт башчылык кызматты аркалап жатат. Эми коомдук пикирди өзгөртүш үчүн чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Бул үчүн анда, энергия, тажрыйба, мүмкүнчүлүк да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости