www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Бекболот байке, эгемен өлкөбүздөгү агрардык реформанын күнгөй-тескейин сиз жакшы билесиз. Бүгүн ал реформа кантип башталганы, өнүккөнү жана натыйжа бергени боюнча кеп кылсак...

-Алгач 70 жыл жашаган совет дооруна көз чаптырып алалы. Большевиктер 1917-21-жылдары «продразверстка» саясаты менен айыл калкын оор абалга салган. Ачарчылык азабын 35 млн адам тартып, 5 млн адам каза болгон. 1922-26-жылдары Ленин жаңы экономикалык саясатты (НЭП) турмушка ашырган. Айылда эркин соода, кооперация өнүгүп, экспорт өскөн. 1927-жылы НЭПке чекит коюлуп, Сталин айылда ортоктоштурууну баштайт. Бул катаал процесс болду. Ачарчылыктан 5 млн адам каза болгон, 5,5 млн дыйкан сүргүнгө айдалган. Бирок тарыхтын бийиктигинен алсак, Сталиндин саясаты ал кезде зарыл болгон экен. Айыл калкын өп-чап акыга мажбурлап иштетип, Сталин чукул мезгилде өлкөдө ири өнөр жай тармагын жана күчтүү армия кура алган. СССР ири державага айланып, экинчи дүйнөлүк согушта жеңип чыккан. Сталиндин ордуна келген Хрущев заманында (1953-64-жж.) экономика, айыл чарба артка кеткен. Жогорку партжетекчилер уюшуп, Хрущевду кызматтан кетиришет. Анын ордун ээлеген Брежнев 1965-жылы Март пленумун өткөргөн. Айыл чарбасы мамлекеттин артыкчылык тармагына айланат. 1970-80-жылдары колхоз-совхоздор жакшы өнүккөн. Бирок, СССР мамлекети ал эбегейсиз чыгашалуу чарбаларды дайыма, үзгүлтүксүз бага албайт эле. Муну ал кездеги КПСС жетекчилери түшүнбөдү. Ал эми коңшу өлкөнүн, Кытайдын кеменгер жетекчиси Дэн Сяопин абалды терең баамдап, 1978-жылы ири реформага багыт алып, аны айылдан баштаган.

-Советтер Союзунун жетекчилери өз жолу менен кетишти да?

-Ооба. СССР 1970-80-жылдары АКШдан ири көлөмдө эгин сатып алчу. Ал он жылдык америкалык фермерлердин «алтын доору» - деп аталат. Бирок СССРдин аскерлери Афганистанга киргенине жооп кылып, АКШ президенти Картер 1980-жылы эгин сатууну токтотот. Алдастаган агездеги КПСС БКнын секретары Горбачёв Дэн Сяопиндин жолун көрбөй, 1982-жылы СССРдин азык-түлүк программасын кабыл алдырткан. Фантастикалык каражат талап кылган ал программа өлкөнүн канын соруп, он жыл ичинде СССРди жок кылды. Ал мезгилде союздун өнөр жайы өксүп, илимий-техникалык прогрессте өнүккөн өлкөлөрдөн 15-20 жыл артта калды.

-Кыргыз айыл тагдырына келсек…

-Союздун дотациясы соолуп, Кыргыз ССРинин айыл чарбасында 1989-жылдан тарта ири көйгөйлөр башталган. Анан кийинки жылы таңгаларлык окуя болду. Кемин районунан бир совхоз, Жумгал районунан бир колхоз тарап кетти. Агезде мен Илимдер академиясында кызматкер элем. Жумушта олтурсам бир жигит келди, аты-жөнү Шералы Назаркулов экен. Жаңы эле Прибалтикадан келиптир. «Алардын эли жаңы жашоого даяр экен, биз кыргыздар, качан ойгонобуз?» - деп кейип-кепчиди. Балким «биз деле ойгонорбуз?» - деген ойдо экөөбүз эртеси Кеминге келдик. Райаткомдун төрагасы Асанбек Акматалиевге жолуктук. Райондогу «Кызыл-Суу» совхозун реформалоо башында өзү болуптур. Турмуш жолу бай, акылы тунук адам экен. Совхозду кантип таратканын айтып берди. Ал чарба дайыма чыгашалуу болуп, 1990-жылга чейинки 25 жылда мамлекет анын 10 млн рубль карызын кечкен. Ал кезде 1 рубль 1 долларга барабар деп саналчу. Андан тышкары 3,7 млн рубль карыз калган. Совхоздун ордуна 143 дыйкан чарбасы түзүлгөн. Совхоздун аппаратында 96 киши болсо, жаңы бирикмеде 6 киши калган. Биз Асанбек агайдан «райондогу калган чарбалар да тарайбы?» - деп сурадык. «Совхоздун реформага барышынын себебинин бири – бул директор Казы Абдинасировдун прогрессивдүү жетекчи экендиги болду. Ал эми Чүйдүн башка колхоз-совхоз, облрайжетекчилери алдыдагы жыйырма жылда эч реформа жасатышпайт» - деп жооп берди. Көсөмдүк кылыптыр! Кийин Чүй облусунун аткаминерлери «айыл реформасы» - дегенди уккулары да келбеди. Айыл чарба реформачыларын облуска түк жолотушкан жок. Өз убагында жер, мал-мүлк, техника ээсин таппагандыктан Чүйдүн чарбаларынын 90 пайызы банкрот болду. Канчалаган кой кашарлар, уй сарайлар талкаланды. Техникаларын Нарын жана Таластын дыйкандары арзан сатып кетишти. Он миңдеген гектар мыкты жерлерди чиновниктер ээлеп алышты. Ошол 1990-жылы Жумгалдагы «Өрнөк» колхозу да тараган. Ал иштин башында райаткомдун төрагасы Бердибек Самудинов турган.

-Бул фактылардан улам, бизде «айыл реформасы 1990-жылы башталган» - десек болобу?

-Эгерде ошол убакта биз укуктук, күчтүү мамлекетте жашаганда, анда ал эки реформатордун иш-аракети «өзүм билемдик» катары бааланып, соттолушмак. Бирок, агезде СССР агонияда, ал эми Кыргыз ССРинин партжетекчилери дендароо акыбалында болушкан. Ал жагдайды эске алсак, анда экөөнүн реформасын саясий көрөгөчтүк, эрдик катары гана баалай алабыз. Демек, «айыл реформасы башталган» - деген болбойт. Республика деңгээлинде чечим кабыл алынган эмес. Партжетекчилер ал эки чарбага көңүл бурбай, сазга баткан колхоз-совхоз системасын иштетүү менен алпуруша беришкен.

-Ал абалды түшүнгөн инсандар бизде болгонбу?

-Жалпы союздагыдай эле Кыргыз ССРи да шайы ооп, эл ачарчылыкка кептелген. Дүкөндөр аңгырап бош, азык-түлүк норма менен берилчү. Дүйнө жүзүнөн гумжардам сурап калганбыз. Акыбалды туура түшүнгөн инсандар, албетте, болгон. Тарых үчүн төртөөнү атайын. 1990-жылы радиодон Кыргыз ССР өкмөт башчысынын орун басары Сопубек Бегалиевдин сөзүн угуп калдым. Анын «биз токтоосуз айыл реформасына барышыбыз керек» - дегенин угуп таңгалгам. Ал кезде биз, жаштар, коммунист партжетекчилерди сенек, жаңыга каршы адамдар катары эсептечүбүз. Кийин, Сопубек агай менен кеңири баарлашкам. Көрсө, ал 1978-жылы Дэн Сяопин баштаган реформаны жактырып, ичинен сызып жүрчү тура. Экинчи ири партжетекчи – бул Эсенкул Алиев. Ал союз маалында совхоздун директору, облаткомдун председатели болуп иштеген. Айыл реформасын жактап, анын жүрүшүндө зор эмгек өтөдү. Үчүнчү инсан – бул Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун председатели Таштанбек Акматов. Ал 1990-жылы апрелде кызматын тапшырган соң жеке дыйкан чарба түзгөн. Эмгегинин акыбети кайтып, кийин «КР Баатыры» наамын алды. Төртүнчү инсан – бул 90-жылдардагы айыл чарба министринин малчылык боюнча орун басары Улукбек Жээналиев. Ал 1991-жылы 10-апрелде аграрчылардын пленумунда сүйлөп, өткөн 1990-жылы айыл чарба министрлигинин эсеби боюнча республикада эки миллион ак кой жок болгонун, бул тенденция улана берсе, анда алдыдагы 5-6 жылда ак койдон кол жууп калаарыбызды ачык айткан. Ушул жерден эки жагдайга токтололу. Биринчи, бир жыл ичинде эки миллион кой эмне болуп жоголгон? Себеби, союз дотациялап турганда колхоз-совхоз өндүрүшүнүн төрт гана пайыз чыгымы ГСМге (күйүүчү-майлоочу заттар) туура келген. Дотация соолор менен ал чыгымдын үлүшү кырк пайызга жеткен. Акча жок, демек ГСМ (дагы үрөн ж.б.) алыш үчүн чарбалар бартерге өтүп, ак кой төлөп, эсептешкен. Ошондой эле, койлорду колхозчу, жумушчуларга айлык акы катары берүүгө аргасыз болушкан. Экинчи, 1990-жылы, эки миллион кой жок болгондо, республиканы кимдер башкарып турушкан? Чогуу эстеп көрөлү. Албетте, коммунисттик партжетекчилер. Президенттик кызмат ал жыл соңунда, октябрда киргизилген. Азыр кайдасыз, учурда «ак коюм канакей?» - деп ыйлап жүргөндөргө ошондогу абалды түшүндүрүп берсеңиз боло, урматтуу Улукбек мырза.

-Ал эми 1991-жыл саясат убагы болду да. СССР жоюлду, биз эгемен өлкө болдук. Анан эле, 1992-жылдын январынан баштап, Россияда Гайдардын өкмөтү «рынокко өттүк» - деп бааларды агытты. Андан соң Чубайстын реформасы жүрдү. Ал окуяларды кандай баалайсыз?

-Ал кезде Россия менен киндигибиз туташ болчу. Чогуу рубль зонасында элек. Бааны агыткан Гайдарды түшүнсөк болот. Инфляция аларда да, бизде да асманга чыккан. Ал эми Чубайсты «реформатор» - деп эч качан эсептеген эмесмин. Ал болгону «приватизатор». Анын «ваучер», «купон», «акция» - деп ойлоп тапкан кооз кагаз-пагаздары жакшылык алып келбеди. Жаңы Россияда 78 миң өнөр жай ишканалары тыптыйпыл талкаланды. Жүз миң айыл-кыштак жер үстүнөн жоголду жана жоголуу абалында турат. Чубайстын документтерин толук көчүрүп алган кыргыздын алгачкы реформаторлору, Маммүлк фондусунун (анда Жогорку Кеңешке баш ийчү) жетекчилери «1992-93-жылдары мамлекеттик жана коммуналдык менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү» - деген программа кабыл алышкан. Ага ылайык, айыл чарбасында да тирукмуш приватташтыруу жүргөн. Чарбаларды «реформалоодо» Маммүлк фондусунун адистери алгач карызды жабыш үчүн мал-мүлк, техниканы аукциондо сатып, чарбаны калган байлыгы менен, Чубайстын сүйүктүү моделин колдонуп, акционердик коомго айлантышкан. Ал эки жылда өлкө боюнча 82 совхозду, 44 даярдоо контораларын, дагы ондогон кайра иштетүүчү жана көмөкчү ишканаларды сатып жибергенге үлгүрүшкөн. Айрым, Данияр Үсөнов, Юнус Дунларов сыяктуу «жаңы кыргыздар» бүтүндөй совхозду менчиктеп алышкан. Сатылган совхоздордо жер тагдыры кандай чечилген? Аны билген жан болгон эмес! Эгерде Чубайстын шылуундары өлкөнүн айыл чарбасын толук «реформалаганда», анда бизде да азыркы Россиядагыдай абал болмок. Алыскы райондор кароосуз калып, ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көлдүн мыкты айдоо жерлерин беш жүздөй «жаңы кыргыздар» бөлүп алышып, ири агрохолдингдерди түзүшмөк. Алар ашып кетсе жүз миң адамды жалдап иштетип, үч миллион адамды айылдан сүрүп чыгарышмак.

-Демек, 1992-93-жылдары айыл тагдыры Маммүлк фондусунун колунда болгон тура. Ал эми аграрчылар кайда эле?

-Ал мезгилде аграрчылардын көбү эски көз карашта болчу. 1992-жылы айыл чарба министрлигинин алдында «Агрардык кеңеш» - деген орган түзүлүп, ага колхоз-совхоздордун кадыр-барктуу жетекчилери да киришкен. Бир тобу «легендарлуу» парламенттин депутаттары болчу. Алар ал жылы айыл чарбасына ири дотация берүүнү чечишет. «Дотация» - деп түз атабай, «пайызы жок кредит» - деп аташат. Бирок, айырмасы жок эле. Анткени агезде берилген кредитти мамлекет кийин кечип салчу. Кеңештин мүчөлөрү премьер-министр Турсунбек Чыңгышевге киришип, 16 млрд рубль кредит талап кылышат. Кызыгы, ал кезде депутаттарда бюджет боюнча түшүнүк болбоптур. Мурда баары Москвада эсептелчү да. Ошондо кеңеш мүчөлөрү Кыргызстандын бюджетинин жылдык жалпы кирешесинен 8 эсе көп дотация сурашыптыр! Соодалашып, 4 млрд рублге токтошот. Бирок ал да жомок цифра болчу. Чыңгышев бардык резервди колдонуп, ал жылга 250 млн рубль кредит таап берген. Албетте, ири «наркотикке» көнгөн колхоз-совхоздор үчүн ал акча чакан эле «доза» болчу. Айыл чарбанын агониясы улана берген

-Анан эмне болду?

-Президент 1993-жылы февралда айыл чарба министрин кызматтан алып, мени министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ал кызматта тогуз ай иштедим. Биринчи кезекте реформага караманча каршы «Агрардык кеңешти» колго алышым керек эле. Түркиянын айыл чарба министри менен сүйлөштүм. Алар бардык чыгымын көтөрүп, биздин аграрчыларды кабыл алышты. Бир жума айыл чарбасы менен тааныштырышты. Натыйжа мен күткөндөн жүз эсе ашты. Кечөөкү сенек консерваторлор айыл реформасынын фанаттарына айланышты. Ал «легендарлуу» парламенттин депутаттары, колхоз-совхоз жетекчилери айылдык өзгөрүүгө кийин зор салым кошушту. Алар – Жумаш Эшперов (Ысык-Көл), Шарап Жакыпов (Жалал-Абад), Камчыбек Бакиров (Талас), Азим Карашев (Ош), Борис Бажан (Чүй), Кайып Калназаров (Нарын). Түркиядан келгенде аларды түштүккө алып барып, айыл эли менен жолуктурдум. Эң чоң окуя Ош шаарында болду. Облус боюнча аграрчылар чогулуп, жыйын өттү. Алгач сүйлөшкөн жергиликтүү жетекчилер чарбалар катастрофа абалында экенин, акча, үрөн, ГСМ, жер семирткичти көрбөй калышканын айтышып, «деги бизде бийлик барбы?» - деген суроо коюшту. Анан биздин «Агрардык кеңешке» кезек келди. Аттиң, алардын сөздөрү видеого тартылып калса кана! Кыскасы, алар колхоз-совхоз системасы туңгуюкка келгенин, эми айыл элине жер, мал-мүлк, техниканы менчикке өткөрүп, аларга азаттык бериш зарылдыгын айтып беришти. Баятан кубанып олтургандар эстери ооду. Соңунда бир колхоздун атактуу башкармасы туруп, «эй, Жумаш, Камчыбек, силерге ишенип жүрсөк, эми күнүбүз бүткөн турбайбы!» - деп көпчүлүктүн маанайын билдирди.

Кийин Жумаш Эшперов, Камчыбек Бакиров, Эсенкул Алиев, Жамин Акималиевди Акаевге алып бардым. Алар айыл реформасын колдошоорун айтып жана «чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» - дешип, аны жүргүзүү укугун айыл чарба министрлигине өткөрүүнү сунушташты. Президент аларды колдоп, жер жана агрардык реформа боюнча документтерди даярдоого мага тапшырма берди. Жумушчу топ түзүп иштеп, даярдалган документтерди мыйзам долбоору катары Жогорку Кеңешке жөнөттүк. Бирок ал каралбады. Депутаттар жалаң саясат менен алпурушуп, күзүндө Чыңгышевдин өкмөтүн отставкага кетиришти. Жаңы өкмөт куралып, Апас Жумагулов премьер-министр, Жумгалбек Аманбаев вице-премьер, Жалал Асанов айыл чарба министри, мен анын орун басары болуп дайындалдык. Акаев реформа документтерин эми жаңы өкмөткө жөнөттү. Өкмөт башчы аларды орун басарына табыштады. Эки айдан соң Аманбаев мени өзүнө чакырды. «Бекболот иним, мен карап чыктым. Бизге айыл реформасынан башка жол жок. Колхоз-совхоз кечөөкү күн. Бирок ал реформаны азыр жасабайбыз. Бир жарым жыл күтө тур, анан мен президент болом. Акаев сени министр кыла албайт, мына мен кылам. Экөөбүз ишти айыл реформасынан баштайбыз. Бул сөз ичибизде калсын» - деди. Өткүр, сөзгө чечен, лидер жетекчи болчу. Албетте, ал сөздү Акаевге айткан жокмун, сөз ташыгыч эмесмин. Бирок, бул өкмөт реформа жасабасын эскерттим. Президент дагы бир ай күттү. Жооп болбогон соң, 1994-жылы 22-февралда «Жер жана агрардык реформа жүргүзүү» боюнча жарлык чыгарды. Саясий эркти көрсөтүп, бардык жоопкерчиликти өз моюнуна алды. Ал жарлык кыргыз айыл реформасынын дүйнөлүк сапатта даярдалган биринчи документи болуп кызмат өтөдү. Андагы жоболордун экөөсүн айта кетейин. Биринчи, айылдык ар бир жаран жер жана мүлк үлүшүн алууга түздөн-түз укук алды. Чубайстын кагаздарына тыйуу салдык. Экинчи, агрардык реформа жүргүзүү укугу Маммүлк фондунан алынып, айыл чарба министрлигине берилди. Бул тарыхый жеңиш болгон. Ошентип, кыргыз айыл реформасы 1994-жылы башталган! Аны премьер-министр Апас Жумагулов өзү жетектеди. Адистер жер-жерлерге чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун «Тамга» совхозуна барып, аны дыйкан чарбаларына айлантып, реформанын практикалык үлгүсүн көрсөткөм.

-Айыл реформасы канча убакыт жүрдү? Натыйжасын кандай бааласа болот?

-Активдүү төрт жыл (1994-98-жж.) жүргүзүлдү. Ал биринчи этабы болгон. Он миңдеген жаңы дыйкан чарбалары пайда болду. Бирок, тилекке каршы, Апас Жумагулов өкмөт башчылыктан кеткен соң кийинки бир да коллегасы реформаны улантпады. Көбүн түшүнсө болот, алар бир жылдай эле иштеп жатышты. Айыл чарба 1998-жылдан бери инерция жолунда, жаңы дыйкандардын жеке аракеттери менен эле өсүп-өнүгүп келе жатат. Айыл реформасына, албетте, анык бааны эл жана тарых берет. Ал эми мен анын туура болгонуна миңдеген далил келтире алам. Бир нечесин айта кетейин.

1. Жыл башында теледен аравандык жигит сүйлөп, бир сотка (!) менчик жеринен сезондо үч түшүм жыйнап, жылына 100 миң сом киреше табаарын айтты. Ал эми биз жогоруда айткан «Кызыл-Суу» совхозу 1839 гектар айдоо жеринде, дотацияда турганына карабастан, 25 жыл ичинде 13,7 млн рубль мамлекетке карыз болгон. Өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз.

2. Кыргыз ССР айыл чарбасында 65 миң адам (!) башкаруу, тескөө, текшерүү орган-аппаратында иштешкен. Азыр, айыл чарба министрликтин адистеринен сураштырсам, алардын саны 5 миң адам экен. Айыл эмгекчилеринин жонуна минип, башкарып келгендердин саны соңку 25 жылда 60 миңге кыскарыптыр. Бул реформанын жемиши эмеспи?!

3. СССР кыйрагандан баштап 5-6 жыл эгемен өлкөлөрдө өндүрүш кескин азайганы белгилүү. Айыл реформасын жүргүзгөн Кыргызстанда 2000-жылы айыл чарба өндүрүш дүң продукциясы 1989-жылга салыштырганда 100 пайызга кайра жеткен. Ал эми Чубайстын кагаздары менен приватташкан өнөр жай тармагында ал көрсөткүч 25 пайызды гана түзгөн. Ал 2000-жылдан бери айыл чарба аздап болсо да алдыга жылып келатат. Өнөр жай дүң продукциясы болсо, бизге тоок жумурткасындай киреше калтырып, бирок дүң продукциясы калдайган «Кумтөрдү» кошпогондо, ошол 25 пайыздан өйдө көтөрүлбөдү.

4. СССР маалында Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздоруна жылына союздан орточо 6,5 млрд рубль дотация берилип турчу. Бул эгемен Кыргызстандын (1992-ж.) бюджетинин киреше бөлүгүнүн үч эсе көп болчу. Эми элестетсеңиз, эгер бизде айыл реформасы болбогондо, анда азыр өкмөтүбүз айыл чарбасына жылына 450 млрд сом дотация берип турушу керек эле. Бул түшкө кирбеген каражат да! Учурда кыргыздын эркин дыйкандары бир сом дотация алышпайт.

5. 2010-жылы жолукканымда Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Керимбүбү Шопокованын мага айткан сөзү: «Мен колхоздо кырк жыл күндүр-түндүр иштедим. Бир чемодан толтура орден, медаль, грамоталарым бар. Ал эми бүгүн дары-дармекке каражатым жок. Эгерде мен да азыркыдай эркиндик, менчик бар заманда жашап, эмгектенсем, анда аракетиме жараша татыктуу карылык өмүр сүрмөкмүн. Силердин реформаны жан-дилим менен колдойм».

6. Көл тургуну М. Абышевдин жети жыл мурда айткан пикири: «Өткөөл мезгилде айылдыктар оор турмушта жашап, улпак кууруп, жарма ичишип, картошкага басым жасап тиричилик кылды. Азыр короолоруна мал толуп, дыйканчылыкты өздөштүрүп, натыйжалуу жашап жатышат. Айыл жериндегилер жашоонун жакшы жолун тандап алышты» («Алиби», 25.01.2013ж.).

-Сиз «айыл реформасынын биринчи этабы жүргөн, экинчи этабы уланган эмес» - деп айтып келесиз. Түшүндүрмө берсеңиз? Реформанын мөөнөтү канча? Деги эле приватизаторлор менен сиздердин, агрореформаторлордун айырмасы эмнеде?

-Приватизаторлордун көздөгөнү жана бардык аракети – бул жалаң гана сатуу. Сатаар менен алардын «реформасы» дароо аяктайт. Чубайсты пир тутуп, анын жолу менен кетишкен приватизаторлор эгемен Кыргызстанда катардагы инженер, жумушчуларды завод, фабрикалардын кожоюндары кылыштыбы? Ал сатылган ишкана, мекемелер андан ары кандай иштеп кетишти? Завод, фабрикаларда өндүрүш өстүбү же шайман-жабдуулары сатылып, жумушчулары иштен айдалып, ал эми имараттары оюн-зоок, соода түйүндөрүнө айландыбы? Бул маселелер приватизаторлорду түк кызыктырбайт. Чубайстын шакирттери: «өнөр жай тармагында, Кыргызпотребсоюз ж.б. мекемелерде мындай реформа жасап, мындай ийгиликтерге жетиштик» - деп элге ачык отчет бере алышабы? Жок, бере алышпайт!

Ал эми агрореформаторлордун айыл элин азаттыкка чыгарып, жоопкер менчик ээси кылуусу – бул реформанын алгачкы гана этабы. Андан соң жаңы эркин дыйкандарга жашап-иштегенге мыкты шарттарды түзүп берүү – реформанын кийинки этаптары. Биз 1994-жылдан кийин андай бир нече иштерди жасаганбыз. Факты келтирейин.

1. Эркин дыйкандар үчүн биз 1995-жылы киргизген жаңы айыл чарба салык системасы – бул дүйнөлүк эталон. Мындай идеалдуу система дүйнөнүн башка бир да өлкөсүндө жок.

2. Жаңы дыйкандарга рыноктук каржылоо керек эле. Агезде айыл чарбаны каржылап келген «Агропромбанкта» колхоз-совхоздорго берилген кредиттердин кайтарымы 0,4 пайызды түзгөн. Жаңы системаны курууну премьер-министр А. Жумагулов өзү жетектеди. Мени, орун басарын, атайын Францияга жөнөттү. Мен адистер менен ал жакта эки жума жүрүп келдим. Алардын үлгүсү боюнча, Дүйнөлүк банк менен бирге долбоор даярдап, «Агропромбанкты» жоюп, жаңы мекемени, «Кыргыз айыл чарба каржы корпорациясын» түздүк. Конкурс жарыялап, агезде жаш адис, азыр каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны башкы директор кылып дайындадык. Ал ишеничти актады. Корпорацияда (азыр «Айылбанк») жаңы дыйкандарга берилген кредиттин кайтарымы 99 пайызды түзүп калды.

3. Кыргызстанда айыл чарба жерине жеке менчик жана анын рыноктук системасы киргизилген. Бул жаатта 2000-жылы кабыл алынган мыйзам дүйнөлүк стандартка жооп берет. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен төртүнчү болуп (Прибалтикадан кийин), цивилдүү кулчулук (колхоз-совхоз) системасынан айыл элинин азат жашап-иштөөсүнө өттүк. Мындай зор кадамга Европанын ортосундагы Украина эми гана, 20 жыл бизден кечигип, бешинчи өлкө болуп, барганга белсенип жатат.

4. Кийин, 2004-жылы президент Акаев Германиянын канцлери Меркелге кат жазып, айыл чарба кооперациясы боюнча кеңеш керектигин суранган. Ал макул болуп, каражатын да чечип берген. Мен он беш чакты ЖК депутаттарын алып, Германияда «Райффайзен» айыл чарба кооперация системасы менен тааныштык. Анан бизге эки немец профессор келишип, эки ай чогуу иштеп, парламентте «Айыл чарба кооперациясы боюнча» мыйзамды кабыл алдырдык. Тилекке каршы, ал мыйзам соңку 15 жылда ишке киргизилбеди. Булардан башка мамлекет кандай иштерди жасашы керек эле? Айылдагы жаңы дыйкандардын өндүргөн продукциясын сатуу, кайра иштетүү, экспорттоо маселелерин мыкты деңгээлде уюштуруп бериши зарыл болчу. Бирок, бул жаатта соңку 20 жылда эч аракет жасалбады. Дыйкандар өздөрү ысыкка күйүп, суукка тоңуп, кээде жыйнаган түшүмдү сата албай талаага төгүп, кыргыз өлкөсүн багып, сактап келе жатышат. Баса, айыл реформасы унутта калганынан пайдаланып, кыргыздын «Чубайстары» реванш алып, 2005-жылы айыл чарба министрлигинин реформалоо укугун жойдуртуп салышты. Эми, Сооронбай Жээнбековдун «аймактарды өнүктүрүү» саясатына ылайык, кийинки жылдан баштап, балким, «айыл реформасынын экинчи этабы уланат го» - деген үмүт бар.

Айыл реформасынын негизги каарманы – бул айылдык тургундар. Алардын аң-сезими, көз-карашы, эмгекке мамилеси ондогон жылдарда өзгөрөт. Россиянын улуу реформатору Столыпин агрардык реформага 20 жыл сураган. Бирок аны жетинчи жылы атып өлтүрүшкөн. Бул мезгилде ал Россияны азык-түлүк импортерунан экспортерго айландырган. Помещиктердин жерлерин кайра бөлүп, аларга ченеп калтырып, калган жерлерди жалданма дыйкандарга берип, аларды жер ээси кылган. Бирок орус мужиктери помещиктерге келишчү: «Бай аке, эч нерсени өзгөртөм деп баш оорутпа, биз сенин кол алдыңда күн көргөнгө көнүп бүттүк, сени алдоого да жедеп маш болдук, күрдөөлдүү өзгөрүүлөрдү каалабайбыз». Ошол орус мужигинин кулчулук психологиясы айылдык совет адамынын кан-жанына, ар бир клеткасына чейин сиңген да. Ал эми 1989-жылы Эстониядан академик Бронштейн мага айтты эле: «Прибалтика өлкөлөрү үчүн агрардык реформага жарым жыл жетишет. Колхоз-совхоздор бир айда жоюлуп, жерлер мурдагы менчик ээлерине кайтарылат. Ал эми Борбордук Азия элдери менчик ээси болушкан эмес, эркин чарбачылык тобокелдигин, жоопкерчилигин билишпейт. Ошондуктан силерге айыл реформасын турмушка ашырууга кырк жыл керек» - деп. Мен: «кыргызда элүү жылда эл жаңы» - деген сөз бар экенин айтсам, «туура айтылыптыр» - деп кубаттаган. Кыргыз айыл реформасынын башталганына 26 жыл болду. Столыпиндин мөөнөтүндө иш бүтпөдү. Эми аракет жасалса Бронштейн айткан мөөнөттө, ортозаар болсо кыргыздардын мөөнөтүндө айыл реформасы соңуна чыгат.

-Ар бир чоң иштин каармандары болот эмеспи. Сиз активдүү катышуучу катары айыл реформасынын турмушка ашышына салым кошкон инсандарды жакшы билесиз да?

-Албетте. Алардын көбү менен иштештим. Реформанын ысык-суугун чогуу көрдүк. Аларды атап кетүү менин атуулдук парзым. Биринчи иретте өз алдынча дыйкан чарба түзүп, үлгү көрсөтүшкөн айыл тургундарын атайын. Алар – Күлчоро Аязбеков (Талас), Эсенгул Исаков (Чүй), Акыбай Сооронбаев (Жалал-Абад), Чалыбек Акынбаев (Ысык-Көл), Марапат Досова (Ош), Калыбай Зулпукаров (Баткен), Кайырбек Сарматов (Нарын) ж.б. Айрым губернаторлор айыл реформасын өздөрү жетектешти. Алар – Абдыганы Эркебаев, Бейшенбек Болотбеков, Жаныш Рустенбеков, Эмилбек Узакбаев. Ошондой эле, кыргыз айыл элин эркин чарбачылыктын жолуна салышкан айыл чарба адистеринин эмгектери зор. Алар – Жумабаев Ж., Кадыркулов К., Берикбаев Д., Алиев А., Касымов Ч., Асамидинов А., Нургазиев Р., Мамбетов С., Туманов Ж., Жумабаев К., Шакиров А., Ажыбеков А., Назаркулов А., Лущихина Е., Касмалиев А., Пак В., Абдрасулов Р., Кумаров Б., Осмонов Ш., Жумалиев И., Сооронбаев Т., Кулов К., Дербишалиев Ж., Курманкулов А., Жээнгазиев А., Эшимбетов К., Кыдыкманов Э., Усубалиев Б., Сарукиев К., Калчакеев К., Калпакова А., Павлов В., Чалов Т., Байдылдаев М., Жакыпбеков Б., Жумабеков А., Айтыкулов Т., Крайнев В., Акматов А., Садабаев Б., Төлөгөнов О., Итикеев К., Алиев С., Бекташова Д., Жунусалиев Б., Исмаилов И., Мырзаканов А., Сманкулов К., Кожогулов Н., Ташболотов М., Бобукеева М., Асанов К. ж.б.

Өткөөл, кыйчалыш заманда элибиздин бакубат жашоосу үчүн ак эмгек өтөп, бардык тажрыйбасын, күчүн жумшашкан кыргыз айыл реформасынын каармандарына миң ирет таазим! Ошону менен катар, «айыл реформаңарга какырдым, реформачыл адамдарыңарга түкүрдүм» - деп долуланган учурдагы демагогдорго эмне демекчибиз? Силердин какырык-түкүрүктөн агып жаткан улуу дарыя булганып калбайт. Айыл реформасын мазактаган куру сөз, жалаадан башка кыргыз эли, өлкөсү үчүн коко тыйын иш жасашпаган силердей наадандарга Жараткан өзү жообун берсин!

-Рахмат. Аман болуңуз. Буюрса бул маекти дагы улантабыз.

Булак: Майдан.kg

Последние новости