www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иликтөөчү журналист Улан Эгизбаевдин сырдуу өлүмү, анын кырсыкташы жана ошондой жагдайга алып барган себептер тууралуу ар түрдүү пикирлерди жаратты. Анткени, “сууга чөгүп кетти” деген версиядан тышкары, “журналистти атайын чөктүрүшкөн болушу мүмкүн” дешип, ага маркумдун чөккөн жеринин тайыздыгы жана бутундагы тактар негиз болууда. Бул боюнча маркум Улан Эгизбаевдин досу Каниет Жыргалбеков, маркумдун сүрөттөрү бар экендигин айтып ачыкка чыгарды.
Кесиптешибиз Улан кырсыктагандан бир нече күн мурун жумушунда почтадан анын наамына эки конверт алганын, ичинде эч нерсе жок, бош болуп чыкканын ФБ-баракчасына жазган эле. Ошол бош конверттердин сыры эл арасында түрдүү версияларды пайда кылды. Алардын баары коррупционерлер менен кылмышкерлерден журналистке болгон эскертүү, коркутуу катары эсептеген жыйынтыкка келишүүдө. Бош конверттин мааниси жана аны эмне максатта беришет, мындай окуялар практикада болуп келди беле?, - деген суроолор бош конверттер, актай барактар тууралуу маалыматтарды топтоого түрткү болду.
Адатта бош конвертти почта аркылуу кыйды ойдогу адамдар, мыйзамдын чытырман токоюн кылдат аралап өтүүчү юридикалык нюанстардан улам берилет. Конвертти алган адам билбестиктен почтачынын журналына катты алгандыгы тууралуу кол коюп берет. Бирок, кийин тергөөгө же сотко чакырылып, анын кайсы бир маселе тууралуу доогердин нааразылык катын алгандыгы жана ага тиешелүү жооп кылбагандыгы айтылат. А түгүл кээде ага да жетпей эле сыртынан чечимдер чыгып калат. Катты алгандыгы тууралуу колу туруп, бирок эч нерседен кабарсыз болгон адам баары бир мыйзам алдында күнөөлүү болуп чыгат. Ал эми кыйтыр доогер үстөмдүк позицияны кармап калат.
Бош конвертти ууландырып же дубалап жөнөткөн учурлар да кездешкен. Душмандашкан же жек көргөн адамдар сырдуу кат жөнөтүп, ага уулуу затты, жаман оорунун вирустарын шыбап, кара дубаларды окуп коюшат. Аны ачып кармаган адам колу же жыт сезүү органдары аркылуу ууланып калат да, анын аягы оорууга же өлүмгө алып барат.
Бош кат жөнөтүү криминалдык чөйрөдө да практикаланып келген. Айрым маалыматтар боюнча, кылмыштуу топтору өз курмандыктарына ушундай бош конверт же актай кагаз жөнөтчү экен. Ал “ажалыңды күтүп ал, өлүм кезеги сеники” деген маанини берчү дешет.
Саясий талаада кандайдыр бир сырдуу катты жөнөтүү кызуу менен кайсы бир кызыкчылык топтордун жашыруун (кылмыштуу) иштерине кол салып, сырын ачууга багыт алып бараткан иликтөөчүнү эскертип, ооздуктоо катары колдонулат. Кат бош болушу же ичинде сыр каткан ар кандай буюм-тайымдар болушу дагы мүмкүн.
Кандай болгондо да, бош катты жөнөтүү кат алуучуга карата колдонулган психологиялык технологиянын бир түрү болуп эсептелет. Адистер мындай катты алганда биринчи кезекте конверттин мазмунун аныктоо керектигин кеңеш беришет. Мыйзамдык эрежелер боюнча почталык корреспонденция буюртма жана жөнөкөй болуп экиге бөлүнөт. Каттын буюртма же жөнөкөй почта экендиги анын изине чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Буюртма катка трек-номер ыйгарылып, ал аркылуу каттын жөнөтүүчүдөн алуучуга чейинки жолун аныктоого болот. Эгерде буюртма кат болсо, анда почтанын базасы аркылуу анын жөнөтүлгөн датасы менен ээсин тапса болот. Ал эми жөнөкөй кат болсо почта үкөкчөсүнө ташталып, анын автору тууралуу маалыматтарды жана адресатка жеткен-жетпегенин текшерүү мүмкүн эмес.
Бош конверт алуу окуясы Кыргызстанда 2014-жылы катталган, болгондо да Башкы прокуратурадан. Ырайымсыздык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Кызыл-Кыялык кыздын апасы Башкы прокуратурага кылмыш ишинин адил тергелиши боюнча Президент менен Башкы прокуратурага кат менен кайрылган. Анын катына жооп берген Башкы прокуратуранын конвертин ачканда ичи бош болуп чыккан. Бул жабырлануучунун жан-дүйнөсүн биротоло талкалап, адилеттикке болгон үмүтүнө суу сепкен.
Булак: NazarNews.kg