www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Марлен Маматалиев коронавируска каршы атайын элдик штаб түздү. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

“Биз элдик штаб түздүк!  Урматтуу достор, өлкөнүн патриоттору! Жарандарыбыздын тагдыры жөнүндө ким кам көрөт, сураныч, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жанында уюштурулган республикалык штабга кошулуңуз.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга жана тез жардам унааларынын жетишсиздигине байланыштуу ыктыярчыларды алардын унаасы (миниван, микроавтобус) менен кошулууну өтүнөбүз. Баардык чыгымдарды өз мойнума алам.

Азыркы учурда биздин команда 5 унаа уюштурду, бирок алар дагы деле жетишсиз. Бул өтө опурталдуу экендигин мен жакшы түшүнөм, бирок биз эмес, мамлекетке ким жана качан жардам берет ?!

Ошондой эле, ИВЛ шаймандарына буйрутма бердим жана зарыл болгон учурда кошумча керебеттерди орнотуу үчүн өзүмдүн кеңсемди берүүгө даярмын. Мен өзүм чалууларга (на вызовы) чыгып, шаардын ооруканаларына барып, кырдаалды өз көзүм менен көрүп турам”,-деп депутат жазып чыкты.

На изображении может находиться: 3 человека, люди стоят, свадьба, дерево и на улице

На изображении может находиться: 5 человек, люди стоят и на улице

На изображении может находиться: 1 человек, стоит, свадьба и на улице

Нет описания фото.

 

На изображении может находиться: люди сидят, стол и в помещении

Булак: NazarNews.kg

Последние новости