www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда өлкөбүздүн абалы күндөн-күнгө оорлоп турганы коомчулукка белгилүү. Мындай кырдаалды алдын алууда жигердүү иштер жүргөнбү? Эмне себептен оорунун саны күндөн-күнгө өсүп жатат? Бул туурасында NazarNews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге суроо салды.

Анын айтымында, оорунун көбөйүшүнө каршы аракеттерди көрүүгө акча каражаты жетиштүү  болгон. Бирок пайдасыз жактарга короп кеткен.

"Албетте өкмөт тараптан мурдагы премьер-министр көп каталарды кетирип алды, президентти элдин баары жакшы көзөмөлдө деп ынандырып алып, эми аягы аябай жаман болуп жатат. Эң эле өкүнүчтүүсү акча бар болуп туруп ошону оң жана пайдалуу, эффективдүү жакка колдоно алган жокпуз. Эчак эле тез курулуучу оорукананы куруп, жасалма аппараттарды жана башка бир топ дармектерди жабдыктарды алып даярдап койсок болмок экен, убакытта кенен болду. 2 ай элди камап турганда ушул иш чараларды кылып койсо болмок. 2 ай жөн эле текке кетти тилеке каршы, медиктерди алдын ала даярдап кошумча мобилизация кылып баарына даяр турганда мындай болмок эмес", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости