www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз болгон 14 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу NazarNews маалымат  Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Ага ылайык, Ноокен районунда 26-июнь күнү саат 19:00 чамасында 2006-жылы туулган бала Тоскоол-Ата токой чарбасынын Беш-Теке жайлоосундагы кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

2-4-июль күндөрү куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес.

8-июль күнү  жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун жансыз денеси жайлоодон табылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 14 жаштагы бала жайлоодогу кошуна чатырга бара жаткан учурда катуу жаан жаап, коюу туман болгондуктан, жолдон адашып, мөңгүгө кирип кетип каза болгон. Аны менен бирге эшеги менен итинин өлүгү да табылды. Баланын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилген. 

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунда 14 жаштагы бала кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости