www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жол кирени 19 сомго көтөрүүгө жол бербеш керек», - деди бүгүн, 27-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Марлен Маматалиев.

- Марлен мырза, жол кирени 19 сом кылуу аракети башталды. Эгер жол кире 19 сом болсо, ал калктын капчыгына туура келеби?

- Жол кирени 19 сомго көтөрүүгө жол бербеш керек. Эл ансыз деле араң турмушун өткөрүп жатат. Андан көрө эл ташыган микроавтобустардын баарын газга өткөзсө баа көтөрүлмөк эмес. Тагыраагы, киреше жетиштүү болуп, жол кирени кымбаттатуу зарылчылыгы жаралмак эмес.

- «Электр энергиясын кымбаттатпасак абалдан чыга албайбыз» деген энергетиктердин келтирген жүйөсү орундуубу?

- Энергетикадагы абалды жөнгө салабыз десек, энергобарондорду жок кылыш керек. Ошондо гана бул тармак өз ордуна келмек. Ошондой эле, арзан алып, кымбат саткан ортомчу компанияларды жок кылыш керек. Буюрса алар жоюлду.

Эми мамлекеттик ортомчу компанияларды да кошуп, электр энергиясынын ээсин бир гана кожоюн кылганда ГЭСтен чыккан электр энергиясы элге арзаныраак жетмек.

Азыр электр энергиясынын ГЭСтен чыккан өздүк наркы 17 тыйын болгону менен НЭСК аны алып, 54 тыйындан, ортомчу жеке компанияларга жана мамлекеттик компанияларга чыгыш, батыш жана Ош электр тармактарына жана башкаларга сатат. Алар кошуп кайра элге жана бизнеске сатат. 17 тыйындан чыккан электр энергиясын элге кошулмасы жок бергенибизде мамлекетибизде өнүгүп-өсүү болот.

- Техникалык жоготуулар эмнеден улам болот деп ойлойсуз?

- Техникалык жоготуулар 30 пайызга чейин болот дешет. Менимче, техникалык жоготууларды энергобарондор эле уюштурушат. Тагыраагы, чоң ири иш каналарды, сауна-заводдорду «крышавайтетип», электр энергиясын азайтып жазып беришет. Ал үчүн, акча алышат. Айырмасын техникалык жоготуу болду деп жазып коюшат. Негизи бул чоң схема.

Мына ушуларды жокко чыгарсак эле техникалык жоготуу да болмок эмес. Булар бир нерсе болсо эле жетекчилердин башын айлантып тарифке эле шылтоо кыла беришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости