www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Иммунитетти көтөрүп, вирустун алдын алууга чакырам”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.

--“Дүйнөдө коронвирустун түрү чыгып жатат. Булардын баарына кантип дарыларды, вакцина табышат. Кыргызстанда коронавирустун 4 штаммы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги расмий жарыялады. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы оорулуулардын арасында коронавирустун “Британиялык”, “Индиялык”, “Түштүк африкалык” жана “Орусиялык” штаммдары бар экени аныкталыптыр. Бул биздин эл үчүн өтө коркунучтуу. Азыр адамдар беткап тагынып, социалдык аралыкты сактап, антисептик колдонуп жүрүү керек. Эгер симптомдор аныкталган шартта дарыгерге кайрылып, өз алдынча дарыланбоо керек. Эң жакшы жолу алдын алуу чараларын так сакташ керек. Кыргызстандын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусология лабораториясы тарабынан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун референс-лабораториясында Орусиянын мамлекеттик вирусология жана эпидемиология илимий борбору менен биргеликте Кыргызстандагы оорулуулардын арасында коронавирустун башка түрлөрүн аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлүптүр. Бул жагынан ДССУ Орусия жакшы жардам берип жатат. Эми биздин адамдар өздөрүн өздөрү коргошу керек. Андыктан кыргыз элин жугушту вирустан өздөрү коргонуусун суранам. Жана иммунитетти көтөргүлө”, - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости