www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус коронавируска байланыштуу Индиядагы абалга «жан кейитерлик» деп баа берип, пандемия менен күрөшүү үчүн бул өлкөгө жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2000дей кызматкери Индияга жөнөтүлдү.

Соңку күндөрү Индияда коронавирусту жугузгандар жана каза болгондор кескин көбөйдү. Күн сайын бул өлкөдө 300 миңден ашык адамдан вирус аныкталып, 2000ден көп адам каза болууда.

Ооруканаларда орун жана дем алдыруучу аппараттар жетишпей, бейтаптарга убагында жардам көрсөтүлбөй калууда. Өлкө бийлиги пандемия менен күрөшкө аскерлерди тарта баштады. Буга чейин Британия, Германия, АКШ Индияга тезинен жардам көрсөтүүгө убада берген.

Дүйнөдө соңку тогуз жумадан бери вирусту жугузгандар көбөйүп жатса, акыркы алты аптада андан каза болгондордун да саны арбыды. Өткөн жумада COVID-19 вирусун жугузгандардын саны пандемия башталган алгачкы беш айдагыдай абалга жетти.

АКШдагы Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери дүйнөдө 147 миллиондон ашык адам вирус жугузса, анын кесепетинен 3 миллион 121 миңдей киши кайтыш болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости