www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«2010-жылдан кийин деле 77 тыйын менен кармап келишип айла жок кийин тариф көтөрүлдү», - деди бүгүн, 27-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Осунбек Жамансариев.

- Осунбек мырза, тарифтерди жогорулатууну адистер аргасыз кадам катары айтса, айрым саясатчылар электр энергиясын энергобарондор гана сазга батырып жатат дешет. Эмне үчүн электр тармагы жылдан жылга карызы көбөйүп сазга батып баратат?

- ОАО «Электр станциясында» директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген адам катары айтсам, тариф 77 тыйындан болгон үчүн ОАО Электр станциясы карызга батып кеткен, ал кредиттердин проценти, сомду долларга которгондогу айырма менен жылдан жылга көбөйүп, сазга батып бара жатат.

Мен да жаран катары, саясатчылардын сөзүнө ишенип, ГЭСтер өзүбүздө болсо, тариф арзан болуш керек деп ойлочумун, көрсө таптакыр андай эмес экен.

Мурун светти уурдагандар көп болгон, аны акылдуу счетчик коюп ууруну кыскартышты. Ошондо да 15,16 процент техникалык жоготууга учурайт. Анткени, жабдыктар абдан эски. Аларды эптеп оңдоп келишет.

- Андай болсо эмнеге өздүк наркы арзыбаган тыйынга болгон электр энергиясы элге жеткенче кымбаттап кетет?

- Бул жерде дагы популизм орун алат. Мындай сөздү көп учурда элдин колдоосуна ээ болууну самаган, упай топтогусу келген саясатчылар айтат. Алар электр тармагындагы маселенин түпкүлүгүн билбей туруп эле айлык маяна жана башка чыгымдарды санасак, тарифти 77 тыйынга калтырыш керек же 12 тыйындан кылыш керек дей беришет. Чынында маселе алар айткандай эмес.

- Эгер чындап электр тармагында маселе орчундуу болсо, эмнеге буга чейин тарифти жогорулатышкан эмес?

- Тариф саясатташып, тариф көтөрүлсө элде нааразычылык жаралат деген бийлик тарифти көтөрбөй келишкен. 2010-жылдан кийин деле 77 тыйын менен кармап келишип айла жок кийин тариф көтөрүлдү, азыркы бийлик деле, башында тарифти ылдыйлатабыз дегени менен реалдуу жагдайды көргөндөн кийин тарифти көтөргөнгө аргасыз болууда, буга жалпы эл күбө болду, десек болот. 

Эгер, мурунтан тарифти саясатташтырбай, жылына 10 тыйындан кошулуп келгенде, тариф мынча өсмөк эмес. Эми азыр тарифти көтөрүлгөн бойдон калтырыш керек, бирок жыл сайын 3,5 тыйындан кошуп жүрүп отурса, маселени чечкенге, абалдан чыкканга жардам болот.

Ошондой эле, алтернативдүү электр энергиясын өндүрөбүз деген инвесторлордон «шапке-акча» сурабай иштешине мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мындайча айтканда, комплекстүү иш алып барсак, электр энергиясын өз нугуна салса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости