www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз менен бүгүн маекте Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Депутаттын шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүүнү көздөгөн мыйзамдын алкагында баарлаштык. 

--Марлен мырза, неге шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү мыйзамы депутаттар арасында кайым айтышты  жаратты? Бул мыйзамды  жогору жак тымызын сүрөп жатабы?

--Шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизип, 9 пайыздык ченди 7 пайызга түшүрүү үчүн бир канча депутат биригип мыйзам жазганбыз. Ал мыйзам бирөөнүн буйругу менен эмес, 21 депутаттын демилгеси жазылган эмес. Ошондой эле  жогору жактан эч ким деле сүрөгөн жок. Бирок, биз жазган мыйзам күн тартибине киргизилгенде  5-6 депутаттан нааразычылык жаралды. Шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга түшүрөбүз деп мыйзам жазган депутаттар мыйзамды бизден мурун жазышканын, биз жазган мыйзам биринчи каралып жатканына капа болушту. Тагыраагы, өкмөттүн корутундусу алар жазган мыйзамдан мурун биз жазган мыйзамга келгенине нааразы болуп, ортодо кайым айтыш орун алды. 

Процедура боюнча депутаттар мыйзам жазат. Өкмөттүн корутундусу келсе кана комитетте каралып, күн тартибине чыгып, талкууга алынат. Эмнегедир өкмөт шайлоо босогосу 5 пайыз болсун деген мыйзамга эмес, биздин 7 пайыз болсун деген мыйзамга биринчи корутунду жазыптыр. Негизи кандай гана мыйзам болбосун алардын авторлору аны каратууга аракет кылышы керек. Мыйзам өз механизми менен келет деп отура берсең, мөөнөтүнөн  кеч келет. Ошон үчүн мыйзам качан каралат, качан корутунду жазылат деп сурап, аракет кылсаң өкмөттөн  корутундусу да батыраак жазылып,  Жогорку Кеңештин бөлүмдөрдөн да батыраак  жылат. Мүмкүн өз алдынча жаздык, эми  тийиштүү процедуралардан кийин келет деп коюшкандыр. Балким, мамлекеттин келечегин аныктай турган мыйзам болгону үчүн өкмөт беш пайыздыкка корутунду бергенден кооптонуп, алардын убактысын  созуп коюшкандыр. 

--7 пайыз колдоо табаарына ишенип, анан мыйзамды жаздыңар беле?

--2-3 ай мурун эле шайлоо босогосун азайтуу маселеси менен түрдүү талкуу жараткан  жыйындар болду. 5 пайызга түшүрбөсүнө көзүбүз жетип 7 пайыз колдоо табар деген үмүт менен жазганбыз. Анткени, маанилүү маселе болгондуктан  өкмөттүн же президенттин пикирисиз чечилбейт болчу. Анын үстүнө конституциялык мыйзам болгон үчүн 80 добуш алыш керек деген талап бар. Парламенттен да өткөрүш абдан кыйын. Ошондой эле парламент колдосо президенттен вета да келип калышы мүмкүн деген кооптонуу болот. Анткени, ал кезде президент 7 пайызды колдор, колдобосун билчү эмеспиз. Кол топтоп мыйзамыбыз коомдук угууга кеткенде президент парламентте сөз сүйлөп жатып, шайлоо босогосу 7 пайызга болсо болоорун айтты. Өкмөт да жагдайды байкап биз жазган мыйзамдын корутундусун батыраак берип койду окшойт. Биз капаланбай  шүгүр дешибиз керек. Анткени, биз чырдашып жатканда оюн кылып,  5 пайызды сунуштаган депутаттарды күнөөлүү кылып, талашканыңар үчүн  деген шылтоо менен биздин мыйзамды кароо мөөнөтүн артка жылдырып,  алардыкын киргизип, убакытты созуп коюшса, шайлоого 9 пайыз менен  бара турган абал түзүлүп калмак. Дагы жакшы аягына чейин урушпай, абалды жөнгө салып 7 пайызды өткөрүп алдык.

--Шайлоо босогосун 5 пайыз болсун деген мыйзам колдоо таппаганы Исхак Масалиевди мандаттан баш тартууга аргасыз кылдыбы?

--Исхак Апсаматовичти мандаттан баш тартуусунун себеби башка. Мүмкүн бул мыйзам да кошумча болгондур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости