www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус илдетинен каза болгон Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү бүгүн, 25-майда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлуп, ага 100гө чукул кишилер катышкан. Маркумдун кызы Нуриля Чолпонбаева жергиликтүү булактардын бирине окуя тууралуу айтып берген.

Мукар Чолпонбаевдин кызы Нуриля Чолпонбаева атасы кечээ, 24-май күнү саат 12:00дө дем ала албай жатып каза болгонун маалымдады.

"Биринчи атам коронавирусту жуктуруп алды. Андан кийин №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштеген апама жукту. Атам алгач ооруп калгандан кийин антибиотик ичип жатты. Кечээ, 23-майда атама ПЦР-анализ жасаганда таза чыкты. Бул вирус боор, бөйрөктүн баарына ууландыргандан кийин, адам коронавирус илдетинен айыкканы менен аталган органдар жабыркаган бойдон калат экен. Атам өзү дем ала албай калды. Бүгүн, 24-майда саат 05:00дө кан басымы көтөрүлүп, өйдө-ылдый боло берди. Ал эми саат 12:00дө дем ала албай жатып кайтыш болуп калды.

Ал эми апамдын ооруканадан чыкканына 3 күн болду. Эми ал дагы үйдө 14 күн карантинде жатышы керек. Эми азыр ага оор болуп турат, ошого кайра кан басымы көтөрүлүүдө", - деди Чолпонбаева.

Эске салсак, Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кийинчерээк бейтапты дарылоо оор өтүп жатканы тууралуу айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости