www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон өлкөдөгү мектептер 1-июнда ачыларын билдирди.

“Шарттар бизге коронавирустун чыгышына байланыштуу чектөөлөрдү кыскартуу боюнча пландын экинчи бөлүгүнө өтүү мүмкүнчүлүгүн берип жатат”, - деди Борис Жонсон.

Ошондой эле ал коронавируска каршы вакцинанын ушул жылы чыгарыла турганын көрсөтүп турган белгилер бар экенин баса белгиледи.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Улуу Британияда коронавирусту жуктурган адамдардын саны 259 миңден ашып, көз жумгандардын саны 36 миң 700ге жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости