www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-майда Ош–Бишкек жолунда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында болгон унаа кырсыгынан 4 киши көз жумуп, 3 адам жаракат алып, реанимацияга түшкөнү айтылган. Бул тууралуу Кара-Көл шаарындагы Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан журналисттерге жаракат алган жүргүнчүлөр боюнча төмөнкүдөй маалымат беришкен. 

Жаракат алгандар:

- 20 жаштагы Т.А.нын мээси чайкалып, моюну сынып, травматикалык шок абалда;

- 22 жаштагы К. кызы А. башынан жаракат алган. Көп жерлери тытылып, травматикалык шок абалда;

- 18 жаштагы Р. уулу Р.нын мээси чайкалып, акыреги сынып, курсагынан жаракат алып, бети тытылган. Травматикалык шок абалда.

Каза болгон айдоочу тууралуу Ноокат районунун Көтөрмө айылынын башчысы Таалай Сабиров төмөкнүлөрдү билдирди. 

"Ал үй-бүлөдө эки кыздан кийинки жалгыз уул эле. Үйүндө 74 жаштагы апасы, келинчеги жана төрт, эки жаштагы кыздары менен жашачу", — деди Сабиров. Айыл башчы каза болгон кишинин көп жылдан бери Ош — Бишкек жолунда жүргүнчү ташып, үй-бүлөсүн багып келгендигин кошумчалады.

Эске салсак, 25-май саат 1:00дөр чамасында Ош-Бишкек жолунда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын тургуну Т.Б. «Хонда Одиссей» унаасы менен Бишкекти көздөй бара жатканда унаасын чукул бурулуштан башкара албай, жол четинде 150-200 метр тик ылдыйга түшүп кеткен. Анын кесепетинен Кыргыз-Ата айылынын 3 тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн. Айдоочу Т.Б. менен кошо 3 адам каза болгон. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости