www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын июль айынан тартып жаратылыш газына кошулган өзбекстандыктарга “акылдуу” газ эсептегичтери орнотулат. Мамлекеттен тапшырык алган компания 3 546 148 абонентти тейлейт. Бул тууралуу өзбек булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Энергетика министрлиги муну менен жаратылыш газын уурдоону тыюуга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирүүдө.

«Худудтаъминот» ачык акционердик коому газ эсептегичтерди компаниянын эсебинен бекер орнотууну сунуштап жатат. Бул долбоордун баасы 2019-жылы 400 миллион, кийинчерээк 644 миллион, 2020-жылы февралда кайра 555 миллион АКШ долларына бааланган.

Ошондой эле, 555 миллион долларга бааланган мамлекеттик буюртма Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артыкхожаевдин бизнес империясына байланышы бар компанияларга берилгенин аныкталды.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Өзбекстандагы эң кымбат мамлекеттик долбоорлор, анын ичинде эки миллиард долларга бааланган Tashkent City тендерсиз эле Жахонгир Артыкхожаевдин компанияларына берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости